«Моралдык-этикалык себеп». Нарындын мэри отставкага кетти

Алдамчылыкка шектелген Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков отставкага кетти. Бул тууралуу ал фейсбук барагына жазды.

Болотбековдун айтымында, ал «акыркы жагдайлардан улам» мэрлик кызматын тапшырууну чечкен.

«Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык жактан кызматта калуумду туура эмес деп эсептейм. Мындан ары дагы Нарын шаарынын өркүндөшүнө колумдан келген аракетимди жумшайм деп ишендире кетем», — деп жазган ал.

Самарбек Болотбековдун фейсбук барагынан скриншот

Болотбековдун кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбековду 18-сентябрда кармаган, ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка аралашууга шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча Болотбеков парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбековдун ишине катыштыгы бар. Чойбеков 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо алдоо жолу менен ири өлчөмдө акчаны ыйгарып алууга шектелип кармалган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Чойбеков өзүнө каршы арыз жазган адамдан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алып өзүнө ыйгарып алган.

«Муну менен арыз жазган адамга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген», — деп белгилешкен УКМКдан.

Кийин 20-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Самарбек Болотбековду эч жакка кетпөө тил катынин негизинде бошоткон.

«Ал тергөө органдарынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксаты жок туруктуу же убактылуу жашаган жеринен чыгып кетпөөгө, сотко чейинки өндүрүшкө жана иштин сотто тергелишине тоскоолдук жаратпоого, чакырылганда келип турууга милдеттендирилди», — деп билдиришкен анда соттон.

Арыз ээсинин аты-жөнү ачыкталган жок.Самарбек Болотбеков 2021-жылдын 11-июнунда Нарын шаарынын мэри болуп шайланган. Ага чейин Бишкектин Свердлов районунун акими болгон. Бул кызматта ал 2016-2019-жылдары иштеген. Аким болуп дайындалганга чейин Бишкек мэриясына караштуу Жеке турак жай куруу департаментинин жетекчиси болуп эмгектенген.