Жылдыз Бакашова: Блогердин кызматы үчүн 1,5 млн сомдук тендер жокко чыгарылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова фейсбук барагы аркылуу Республикалык иммунопрофилактика борбору (РИБ) «блогердин кызматы» үчүн дээрлик 1,5 миллион сомго жарыяланган тендер жокко чыгарылганын билдирди.

«Бул бюджеттик каражатты ыксыз коротуу деп эсептейм. Тендер ишке ашкан жок», — деп жазды Бакашова.

Ошондой эле ал калкты жапырт эмдөө боюнча мамлекетке ыктыярдуу колдоо көрсөтүү ниетин билдирген жарандарга ыраазычылык билдирди.

«Бардык активдүү блогерлерди жолугушууга чакырам, эмдөөгө байланышкан абалды, мамлекеттик органдар кабылган кыйынчылыктарды жана иш планды ачык талкуулайлы», — деп кошумчалады Бакашова.

Республикалык иммунопрофилактика борбору (РИБ) блогерлердин кызматы үчүн 1,4 млн сомдук тендерди 20-сентябрда жарыялаган. Ведомстводон билдиришкендей, алар социалдык тармактар жана РИБдин сайты аркылуу инактивацияланган полиомиелит вакцинасын (ИПВ)* жайылтууну пландашкан. Бул «эмдөөнүн маанилүү экени тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулат» деп болжонгон.

*Полиомелит (балдардын шал оорусу) — полиовирус козуткан кооптуу жугуштуу оору. Ал нерв системасын жабыркатып, парез жана шалдын өөрчүшүнө алып келет.

РИБдин директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, тендер Эмдөө жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык Альянс (GAVI) долбоорунун алкагында жарыяланган.

«Бул донордук каражатты колдонбосок, кийин бизге каражат берилбей калат. Альянс бөлгөн акчаны колдонууга тийишпиз», — деп билдирген ал «Азаттыкка».