Алай: Аким ветеранга анын Ташиев менен түшкөн сүрөтүн белек кылды

Ош облусунун Алай районунун акими Каныбек Апбасов карыялар күнүндө 103 жаштагы ветеран Суранбай Алиевге анын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөтүн белек кылды. Ошондой эле карыяга 5 миң сом акча берилди.

Сүрөт: Turmush

«Турмуш» басылмасы жазгандай, карыялар күнүн белгилөө үчүн жергиликтүү бийлик аларды ресторанга чогулткан. Аларга иш-чара концерттик программа менен коштолду.

«Карыларыбыз карыса да, алардын сөзү карыбайт. Алардын нуска, накыл сөздөрү биз үчүн табылгыс», — деп куттуктады аким.

Беш күн мурда, УКМКнын Алайдагы жаңы имаратынын ачылышында райондун акими Ташиевге «Алай районунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарган. Ал «наам берүү чечими 2008-жылы эле кабыл алынып, бирок аткарылбай калган» деп ишендирген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда пенсия жашындагы кишилер 2020-жылдын 1-декабрына карата 687 миң 154тү түзгөн.