УКМКнын Алайдагы бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду. Анын ачылышына Ташиев өзү катышты

Ташиев ачылышта "Алай районунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды. Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда атайын кызматтын Ош облусунун Алай районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты. Анткен менен имарат кайсы акчага курулганы белгисиз.

Ал өз сөзүндө Ташиев «өлкөнүн аймактарында мындан ары да атайын кызматтын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо уланат» деп убадалады.

«Мунун баары мамлекет үчүн жасалып жатат. Мамлекетте ушундай мүмкүнчүлүк пайда болду. Анткени мамлекеттин саясаты, элге болгон камкордугу өзгөрдү. Элдин акчасын талап-тонобогонго үйрөнө баштадык», — деди ал.

Ошондой эле, ал Ош облусунда «коррупция менен күрөшүүнүн көрсөкүчү начар» деп белгилеп, кызматкерлер «милдеттерин так аткаруу керектигин» эскертти.

Иш-чарада Ташиевге «Алай районунун ардактуу атуулу наамы» ыйгарылды. Райондун акими Каныбек Апбасов «наам берүү чечими 2008-жылы эле кабыл алынып, бирок аткарылбай калган» деп айтты.

Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

УКМКнын Алайдагы бөлүмү үчүн курулган жаңы имарат эки кабаттан турат — анда ашканасынан тартып жуунучу жайга чейин бар, ичи заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

«Депутат Примов курган»

Имараттын ачылышы боюнча маалымат соцтармактарга жарыялангандан кийин журналист Ыдырыс Исаков фейсбук баракчасында имаратты Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов куруп бергенин айтты.

«Бул кетиште Ташиев жакында Өзгөн жана Кызыл-Кыя шаарларынын да ардактуу жашоочусу болот. Анткени Алай заводунун кожоюну С.Жураев Кызыл-Кыя УКМКсын, Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов Өзгөн УКМКсынын имаратын өз чөнтөктөрүнөн куруп атышкан», — деп жазды ал.

Примовдун жакын кишилери «Клоопко» бул маалыматтан кабарлары жок экенин билдиришти. Ал эми УКМКдан жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Анткен менен жарыяланган сүрөттөрдө Примов ачылыш аземинде атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жанаша жүргөнүн көрүүгө болот. Алай Примовдун кичи мекени жана аталган аймакта анын үй-бүлөсүнө таандык ишканалар бар.

Тагыраагы, анын атасына таандык бир нече компания аталган райондо көмүр кенин казат. Дагы окуңуз: Кен казуу, жүк ташуу, медиабизнес. Депутат Примовдун үй-бүлөсү 10дон ашуун компанияга ээлик кылат

УКМК үчүн түзүлгөн шарттар, белгисиз «демөөрчүлөр»

Ташиев УКМК үчүн курулган имараттардын биринде. Сүрөт: Өткүрбек Рахманов

13-сентябрда УКМКнын Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери да жаңы имаратка көчүшкөн. Анын ачылышына да атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев келген.

Ал эми 30-августта Ташиев атайын кызматтын Сузак райондук бөлүмү үчүн курулган жаңы имараттын ачылышына катышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда болсо Жалал-Абад шаарында УКМКнын кызматкерлери үчүн 205 бөлмөлүү кызматтык үйдүн курулушу башталган. Көп кабаттуу турак жайдын курулушу 2022-жылдын аягында толугу менен бүтүп, чек арачыларга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да берилери кабарланган.

УКМКнын төрагасы үй мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, «шериктеш мамлекеттин» жардамы менен курулуп жатканын билдирген. Бирок Ташиев өнөктөштөр так ким экенин ачык айткан эмес.

Ал эми 2-июнда Ташиев атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы үчүн курулуп жаткан жаңы имаратка капсула салган.

Аталган имарат Жалал-Абад шаарынын түндүк-батышында жайгашып, 1,4 гектарды ээлейт. Ошондой эле үч кабаттуу эки блоктон турат.

Мекеменин жаңы имараты «100 млн сомго — демөөрчү берген каражатка курула турганы» айтылган. Курулушту 1-декабрга чейин бүтүрүү пландалган.