Жаңы салык кодекси: Банк купуялуулугу сакталбайт

Матриалдын түп нускасы «Азаттыкка» жарыяланган

Кыргызстанда кийинки жылдан тарта элдин күнүмдүк жашоосун өзгөртө турганы айтылган Салык кодексин киргизүү пландалууда. Бийлик элге мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү болушунча азаят дегени менен Салык кызматына дээрлик чексиз укуктарды берип жатат.

Боло турчу өзгөрүүгө биринчилерден болуп бизнес коомчулугу пикирин билдирип чыкты. Алар жаңы кодекстин артыкчылыктарына караганда тобокелдиктери көп экенин белгилеп, реформага ашыкпай турууну суранышты.

Эки режим

Көп нерсе өзгөрүшү мүмкүн. Акылбек Жапаров жетектеген Экономика министрлиги азыр иштеп жаткан кодекске өзүнчө толуктоолорду киргизбестен жаңы Салык кодексин сунуштап жатат.

Демилгечилер мыйзамдарды учурдагы экономиканын шарттарына шайкеш келтирүүгө, салык процедураларын толугу менен санариптештирүүгө, ишкерлерге бирдей шарт түзүп, көмүскө экономиканы азайтууга аракет кылып жатканын айтууда.

Башаламан системаны ирээттештирип, болгону эки гана салык режимин киргизүү сунушталууда: жеңилдетилгенчакан жана орто бизнес үчүн жана жалпыири ишканалар үчүн.

  • Чакан бизнес — кирешеси жылына 8 млн. сомго чейин;
  • Орто бизнес — 8 миллиондон 30 миллион сомго чейин;
  • Ири бизнес — 30 млн. сомдон жогору.

Чакан жана орто бизнес киреше салыгынан, сатуудан алынуучу салыктан жана жеткирүүдөгү кошумча нарк салыгынан бошотулат. Анын ордуна алар бирдиктүү салык төлөйт, ишмердигинин түрүнө жана төлөө формасына жараша коюму 3 пайыздан 6% чейин болот. Тактап айтканда, бирдиктүү салык айыл чарба продукциясын кайра иштеткен, өнөр жай, соода тармагындагы ишкерлер электрондук түрдө төлөсө 3%, ал эми накталай төлөсө 4% болот. Калган башка тармактар үчүн төлөм 5% жана 6% түзөт.

Ири бизнестер киреше салыгы, сатуудан алынуучу салык жана кошумча нарк салыгы каралган жалпы режим менен иштейт. Башкача айтканда, жылдык кирешеси 30 млн. сомдон жогору болгон жалпы режимдин бардык субъектилери кошумча нарк салыгын (КНС) төлөйт. Азыр ишкерлердин жүгүрткөн акчасы 8 млн. сомдөн ашканда КНС төлөп баштайт.

«Мен сатуудан алынуучу салыкты дагы кыскартууну сунуштагам, анткени ал экономикалык салык эмес. Болгону ал даяр продукциянын наркын кымбаттатат. Ал чоң киреше деле алып келбейт, баарын чаташтырат. Бул compliance costs деп аталат — жалпы эрежелерди сактоо боюнча чыгымдар. Сатуудан алынуучу салыкты таптакыр эле алып салыш керек эле. Мен кошумча нарк салыгын колдойм, бирок анын тескелиши болушунча жеңилдетилиши керек», — деди экономист Кайрат Итибаев.

Жаңы режимдердин дагы бир өзгөчөлүгү салык келишимдери менен милдеттүү патенттердин жок болушу. Дал ушул документтер менен бүгүнкү күнү бир топ тармак иштейт. Алар: сауна, бильярд, акча алмаштыруу жайлары, түнкү клубдар, автоунаа токтотуучу жайлар, күрөөканалар, чач тарачтар, стоматология, автоунаа жуучу жайлар жана айыл чарба продукцияларын экспорттогондор. Ошол эле кезде ыктыярдуу патент калат.

«Ыктыярдуу патентти котормочу же консультанттар сыяктуу майда ишкерлик менен алектенгендер алат, алардан мамлекетке кошумча киреше түшөт. Ал эми милдеттүү патент менен коомдук тамактануу жайлары же сулуулук салондору иштейт, башкача айтканда ири ишкерлик кирет. Алардан мамлекет жакшы эле киреше алышы керек», — деген пикирин «Азаттыкка» Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков билдирди.

Карыздарды чогултуу

Азыр салык кызматы карызды салык төлөөчүнүн мүлкүнөн сот аркылуу өндүрүп алышы мүмкүн, бирок иш жүзүндө аны аткаруу оор. Мисалы, ишкер минималдык уставдык капитал менен компания түптөйт, кирешесин негиздөөчүлөр бөлүп алат, бирок юридикалык жактын жарыбаган капиталынан башка эч кандай активи болбойт, анан банкрот болушат.

Жаңы кодексте 100 миң сомдон көп салык карызы бар компаниянын жетекчилерине чет жакка чыгууга тыюу салуу сунушталган. Ушундай эле тыюу жеке жактарга дагы тиешелүү болот.

«Биздин милдет — карызды төлөтүү. Бул боюнча такай иштеп жатабыз», — деди Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Илияз Иманбетов. Анын айтымында, ишкерлер менен жарандардын салык карызы 24 млрд. сомду түзөт. Карызын 165 миң киши төлөй элек.

Эл аралык ишкерлер кеңеши ишкер-чөйрөнүн атынан жаңы кодексти коомдук талкуулоодо жигердүү катышууда. Алар карызы барлардын чет жакка чыгуусуна тыюу салууну Конституцияга каршы келет деп эсептейт.

«Конституцияда адамдын укугу жана эркиндиги улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын, башкалардын укугун жана эркиндигин сактоо максатында чектелиши мүмкүн деп жазылып турат. Салык төлөбөгөндөрдүн чет жакка чыгуусун чектөөнү Конституцияда жана “Улуттук коопсуздук жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн башка объектилерге киргизүүгө таптакыр болбойт», — деп белгилейт уюм.

Экономика министрлиги мындай ыкма бир катар мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп жатканын салык кодексинин жаңы долбоорунда белгилеген. Бирок Эл аралык ишкерлер кеңеши бул нерсе бюджетке болгон карызы үчүн эмес, соттун чечиминин негизинде өндүрүлгөн милдеттенмелерди төлөөдөн качкан учурда иштей турганын айтууда. Бул юридикалык жактын милдеттенмелери боюнча эмес, жеке милдеттенмелери боюнча карызга тиешелүү.

Онлайн көзөмөл

Дистанттык салык көзөмөл системасын киргизүү пландалууда. Бизнеске бул системага ыктыярдуу түрдө катталып, салык кызматынын өкүлүнө өзүнүн бухгалтериясына кирүүгө мүмкүндүк берүү сунушталат. Ишкер өз кезегинде салыкка байланыштуу текшерүүлөрдөн кутулат. Бул нерсе Мамлекеттик салык кызматынын ишкерлердин ишине кийлигишүүсүн болушунча азайтышы керек. Бирок ишкерлер бул система тескерисинче массалык текшерүү дегенди түшүндүрөрүн белгилешет.

Ошондой эле, банктар Мамлекеттик салык кызматынын суроо-талабы боюнча үч күн аралыгында салык төлөөчүнүн эсеби жана операциялары боюнча маалымат бериши керек. Азыр иштеп жаткан Салык кодекси боюнча банктар мындай маалыматты Салык кызматынын суроо-талабы жана/же соттун актысынын негизинде гана берет. Дал ушул түшүнүктүн так чечмеленбегени бир топ талкууларды жаратат. Эмненин негизинде маалымат берүү керек — Салык кызматынын суроо-талабы жана соттун күчүнө кирген актысы чогуу келгендеби же бир органдын суроо-талабы болсо эле берилеби?

Эл аралык ишкерлер кеңеши өз кезегинде, банктар мындай маалыматтарды соттун уруксаты менен гана бериши керек деген ойду бекем карманат. Андай болбогон учурда банк купуялуулугунун мааниси жоголот.

«Мындай мыйзам демилгелери банк ишмердигинин негизине доо кетирет деп эсептейбиз. Кардарлардын банкка болгон ишениминин көрсөткүчү банктык купуялуулуктун сакталышына байланыштуу. Анан калса, мындай өзгөртүү киргизүү банк купуялуулугу деген түшүнүктүн жоголушуна алып келет. Өз кезегинде мунун бардыгы банк купуялуулугу деп эсептелген маалыматтардын абийирсиз кишилер тарабынан башка максаттарга колдонулушуна алып келиши ыктымал», — деп Эл аралык ишкерлер кеңеши эсептейт.

Укурукту узартуу аракети

Жаңы кодекс боюнча Салык кызматы тергөө органынын функциялары менен сотко чейинки өндүрүштү өз алдынча жүргүзө алат. Мекеме укук коргоо органдарынын макамын алат.

Мамлекеттик Салык кызматы эбегейсиз укуктарды алып, дээрлик кол тийгиз органга айланат. Жергиликтүү бийликке баш ийбейт, ал эми мамлекеттик түзүмдөр алардын ишине кийлигише албайт, тыюу салынат. Салык кызматы каржылык эркиндикти дагы каалайт — чогултулган салыктын 3% алат.

Эксперттер укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын салыкчыларга бербөө керектигин айтышууда. Себеби, укук коргоо органдарынын милдети салык төлөмдөрүнүн мыйзамдуулугун аныктоо жана ишти чечим кабыл алуу үчүн сотко өткөрүү. Эгерде фискалдык органдарга ушундай укук берилсе, көз карандысыздык принциби жоголот.

Кешбэк

Бийлик ишкерлерди көзөмөл-кассалык машиналарды колдонгула деп көп жылдан бери мажбурлап келген, бирок ал ийгиликке алып келген жок. Андыктан эми фискалдаштырууну сатып алуучулар аркылуу киргизүүгө аракет кылышууда.

Бул үчүн cashback системасы сунушталууда. Соода кылган киши чекти алып, аны атайын порталга каттайт жана өзүнүн эсебине соода кылган суммасынын белгилүү пайызын алат.

«Мисалы, сиз 100 сомго соода кылдыңыз дейли, мамлекет ошол сумманын кайсы бир бөлүгүн сиздин банк эсебиңизге которуп берет. Биз азырынча кардарга канча сумма кайтарыларын билбейбиз, балким бир же эки пайыз болушу мүмкүн. Механизмин иштеп жатабыз», — деген пикирин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев «Биринчи радиого» курган маегинде билдирген.

Бул жерде негизги басым кардарды шыктандырууга жасалган, себеби ал сатуучудан кассалык чекти талап кыла баштайт. Салык кызматы «кассага киргизбей» иштеп көнгөндөр укуктук талаага кайтып, салык төлөп жаткандар менен бирдей шартта атаандашып иштейт деп үмүт кылат.

Google салыгы

Электрондук соода жаатындагы ишкердикке дагы салык салынат, ага ылайык Google же Facebook сыяктуу интернет-гиганттар Кыргызстанда тапкан кирешесинен салык төлөйт. Салык коюму 2%, ал киреше салыгынын, сатуудан алынган салык жана кошумча нарк салыгынын ордуна төлөнөт.

КМШ өлкөлөрүндө салыктын мындай түрү «Google салыгы» деп аталат. Өзбекстанда 2020-жылдын биринчи кварталында эле Apple бюджетке 60 миң доллар, Google 85 миң доллар төлөгөн. Коңшу мамлекетте ондон ашык ири компаниялар кошумча нарк салыгын төлөгөн жак катары катталган.

Жаңы салык кодекси боюнча электрондук соода — бул маалыматтык-коммуникациялык технологияларды сунуштоо, ошондой эле, Интернет аркылуу техникалык, уюштуруучулук жана маалыматтык мүмкүнчүлүктөрдү берүү. Буга Интернетте киреше тапкан дээрлик бардык ишкердик кирет.

Жаңы жылда жаңы кодекс

Жаңы салык кодексинде ондогон жаңычылдыктар бар. Уюлдук операторлор үчүн сатуудан алынуучу салыкты 5 пайыздан 6 пайызга чейин жогорулатуу каралган. Бала бакчалар үчүн жеңилдетилген салыкты алып салуу, таксилерге 2% салык киргизүү пландалууда.

«Мен энергетикалык жана көп өлчөмдөгү шекер кошулган суусундуктарга 15% ашык салык киргизмекмин. Мындай нерсе колдонулуп жүрөт, ал газдалган таттуу суусундуктарга салынган акциздик салык деп аталат. Ал эми энергетикалык суусундуктар элдин саламаттыгын бузуп жатат, андыктан мындай салыкты киргизүү абзел. Бул кошумча булак. Спирт ичимдиктери менен тамекиге дагы акырындык менен көбөйтүү керек», — деди экономист Кайрат Итибаев.

Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев жаңы салык кодекси бизнес үчүн процедураларды жеңилдетип, мамлекетке пайда алып келет деп ишенет. Салык кызматынын жетекчиси Илияз Иманбетов жаңы нормалар 2022-жылдын 1-январынан тартып иштеп башташы керектигин билдирди. Анын айтымында, президент «бизнес үчүн шартты жакшырткыла» деп тапшырма берген.

Өз кезегинде бизнес коомчулугу реформаны кийинкиге жылдырууну суранууда. Эл аралык ишкерлер кеңешине 120 барактай сунуш-пикирлер келип түшкөн. Аларды анализдеп чыгып, уюм жаңы салык кодексинде артыкчылыктарга караганда тобокелдиктер көп деген бүтүм чыгарган.