Энергетикалык кризис: Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштады

Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан электр энергиясын сатып алып, кошумча электр энергиясын алуу үчүн Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин трагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйынында билдирди.

«Бүгүнтөн тартып, Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, “электр энергия керек болсо берели” деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын бир миллион кВт/саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 миллион кВт/саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар», — деди Аалиев.

Бирок ал электр энергиясы кандай баа менен жеткирилип жатканын ачыктаган жок.

Ал эми энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан Казакстан аркылуу электр энергиясын импорттоо боюнча Орусия менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Орусиядан 2-3 миллиард кВт/саат электр энергиясын алуу пландалууда.

Мындан сырткары, Азиз Аалиев 2 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттоо үчүн Түркмөнстан менен келишим түзүлгөнүн кошумчалады.

Анын айтымында, мындай жол менен жылытуу мезгилинен соң Токтогул суу сактагычында 8,5 миллиард куб метрге жакын суунун калышына мүмкүндүк берет.

Кыргызстан жылына 15 миллиард кВт/саат ашык электр энергиясын керектейт. Энергетикалык кризиске жана Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттой баштады.

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларына чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Анын ордуна кыргыз бийлиги 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Электр энергиясын үнөмдөө

Токтогул суу сактагычы.  Сүрөт: «Кабар» маалымат агенттиги.

Аалиевдин айтымында, 1-октябрга карата суу сактагычтагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миллиард кубомертге төмөн.

Буга чейин Улуттук энергохолдинг турмуш-тиричилик эмес абоненттерге көчөнү жана көрнөктөрдү жарыктандырууга тыюу салган.

Ошол эле учурда бийлик Кыргызстанда энергетикалык кризис жок экенин жана кыш мезгилинде кыргызстандыктар электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынарын бир нече ирет айткан.

Тема боюнча:

Улуттук энергохолдингдин башчысы чектөөлөр боюнча үн катты

Энергетика министри: Кышында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет