Өткөн суткада COVID-19дан 86 бейтап айыгып, каза болгондор катталган жок

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Дмитрий Мотинов, Клооп үчүн.

Республикалык штаб 3-октябрда өлкөдө коронавирустун 60 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 28;

Чүй облусунда — 11;

Ысык-Көл облусунда — 10;

Талас облусунда — 4;

Жалал-Абад облусунда — 3;

Нарын облусунда — 2;

Ош шаарында — 2.

Ошондой эле өткөн суткада 86 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 178 миң 740ка жетти. Оорудан 173 миң 471 бейтап айыгып, 2 607 киши көз жумду.

Ал эми акыркы суткада эмдөөнүн биринчи дозасын 2 565, экинчи дозасын 3 220 киши алды.

Бүгүнкү күндө 436 бейтап ооруканаларда, 743 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.