Жапаров: Эртерээк коронавирус токтосо кымбатчылык да басаңдайт эле

Президент Садыр Жапаров «коронавирус токтосо кымбатчылык басаңдайт эле» деген пикирде. Ал «COVID-19га каршы акысыз вакцинаны да албай кайдыгерлик кылып жаткандар бар» дейт.

«Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле», — деди ал.

Президент учурда Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатканын белгиледи. «Бирок ошого карабай пенсияны, жөлөк пулду, эмгек акыларды көтөрүп, куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүп, жолдорду жасап жатабыз» дейт ал.

«Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттап, элдин кирешеси азаят