Алибек Осмонов эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Балбан Алибек Осмонов Норвегияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Ал 65 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште польшалык Кжыштоф Биенковскини 4:1 эсебинде утту.

Осмонов беттешин 3-октябрда баштап Франция, Бразилия жана Украинанын спортчуларын катары менен жеңди.

Жарым финалда ал ирандык Амирмохаммад Бабак Язданичератиге бир упайлык айырма менен жеңилип, коло медаль үчүн күрөшкө түшүп жеңишке жетти.

Осмонов бул чемпионатта Кыргызстандын куржунуна алгачкы медаль алып келди.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага жалпы 15 кыргызстандык спортчу катышып жатат. Бүгүн Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев алтын медаль үчүн күрөшүшөт.