Дастан Жумабеков парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Дастан Жумабеков

Депутат Дастан Жумабеков парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 4-октябрда БШКга арыз берди. Ал Талас облусунун №20 Манас райондук округунан талапкерлигин көрсөттү.

Жумабековдон сырткары шайлоого катышуу ниетин дагы 91 киши билдирди. Анын ичинде депутаттар жана мамкызматкерлер да бар.

Дастан Жумабеков өткөн жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Кыргызстан» партиясы менен барган. «Кыргызстан» шайлоодо жеңишке жетишип, бирок добуш сатып алууга, шайлоочуларды массалык каттатууга жана административдик ресурс колдонууга айыпталган партиялардын катарында болгон.

Бир жыл мурун дал ушул күнү шайлоодогу нааразычылыктардан улам бийлик алмашкан, ал эми БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон.

Жумабеков өзү Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына 2015-жылы «Кыргызстан» менен келип, 2017-жылы парламенттин төрагасы болуп шайланган. Бирок октябрь окуяларынын шартында кызматын тапшырган.