Ош: Сот аткаруучулар «Ак мөөр» жатаканасынан жашоочуларды күч менен чыгарды

Ош шаарында 6-октябрда сот аткаруучулар «Ак мөөр» жатаканасынын жашоочуларынын бир бөлүгүн үйлөрүнөн күч менен чыгарып салды. Бул тууралуу «Клоопко» жашоочулардын адвокаты Төлөгөн Келдибаев билдирди.

Келдибаев жеринен тарткан тасмадан «Ак мөөрдүн» алдына ондогон киши чогулганын, сот аткаруучулар жатакананын эшигин лом менен уруп жатканын көрүүгө болот. Ал эми жашоочулар сот аткаруучуларга эшикти ачууга жол бергиси келбей, тоскоолдук кылышкан. Ага карабастан бир канча үй-бүлө баш паанексиз калганы белгилүү болду.

Ал эми адвокат тарткан тасмада жашоочулардын бири сот аткаруучулар айнектерди жана эшикти бузуп, имаратка киришкенин жана учурда бараарга жери жоктугун айтып берген.

«Кыйналып суукта турамын эшикте. Өзүм оорулуумун, сегиз жылдан бери төшөктө жатып эми турдум эле. Мынтип тез-тез келип кыйнап бүтүштү. Бара турган жерим жок, мен дагы эл катары эле төшөктөрдү алып чыгып эле короодогу цементке салып жатып аламын», — деди пенсионер аял.

Адвокаттын айтымында, учурда мажбурлап чыгаруу процессин жаз мезгилине чейин жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«[Жатаканада жалпысынан] 500гө жакын жашоочу бар, анын ичинде 100гө жакын мектеп окуучусу, 20дай бала бакчага барган [балдар], 40ка жакын жалгыз бой аялдар бар — алар каякка барат?» — деп суроо салды Келдибаев.

Оштун вице-мэри Сонунбек Жунусбаев «Клоопко» курган маегинде ал жатаканадан чыгарылган 30дай жашоочу менен жолугушканын билдирди. Жолугушуудан кийин Ош шаарынын мэриясы сот аткаруучулардан мажбурлап чыгарууну жаз айларына чейин жылдырып турууну өтүндү. Бирок азырынча ага жооп бериле элек.

Ошондой эле Жунусбаев «Ак мөөр» жатаканасынын биринчи подъездинде жашаган тургундар чыгарылганын маалымдады. Анын айтымында, сот аткаруулучулар жакынкы арада калган эки подъезддин жашоочуларын чыгарууну көздөп жатышат.

Мындан сырткары, Оштун вице-мэри жатакананын ээси сот аткаруучулардын үстүнөн прокуратурага арыз менен кайрылганын кошумчалады. Ишкер «сот аткаруучулар соттун чечимин аткарбай жатканына нааразы» дейт Жунусбаев.

Эмне деген жатакана?

«Ак мөөр» жатаканасы мурдагы пахта чыгаруучу комбинаттын эс алуучу жайы болгон. Ал жердин жашоочулары мурда комбинатта иштеп, жатаканага «жолдомо менен кирип, жашап жатышканын» айтышат.

Советтер союзу куулагандан кийин «Ак мөөр» жатаканасы «Текстильщик» ачык акционердик коомунун балансына өткөн. Акционердик коом 2008-жылы «Ош электро» ишканасына 5 млн сомдон ашуун карыз болуп калган. «Текстильщиктин» карызды жоюуга каражаты жок болгондуктан, санаторийдин имараты аукционго коюлган.

«Ак мөөрдү» сатуу боюнча эки ирет аукцион өткөрүлгөн: биринчисинде имаратты эч ким сатып алган эмес. Ал эми экинчи аукциондо аны жеке ишкер Убайдилла Бидинов 4 млн 639 миң сомго сатып алган. Жашоочулар эки жолку аукционго катышпаганын сот аткаруучулар «экинчи соодалашууга барбай, үчүнчүсүнө барсаңар баа арзандайт» деп айтканына алдынып калганы менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми жашоочулардын адвокаты аукцион көптөгөн процедуралык бузуулар менен коштолгонун айтып келет. Ошондой эле, Келдибаев жатаканынын ээси жашоочуларга имаратты сатууга макул болбой келгенин кошумчалайт.

Жатакананын жашоочуларын чыгаруу боюнча соттук териштирүүлөр 2010-жылдын аягында башталган. Ош шаардык соту тургундарды мажбурлап чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл алган, бирок токтом бир нече жолу аппеляциялык жана кассациялык тартипте даттанылган. Ал эми 2017-жылы Жогорку сот бул маселеге чекит коюп, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көчөдө калуу коркунучу». Ондогон жылга созулган 300дөй тургундун соттошуусу

Ошто «Ак мөөр» жатаканасынын тургундарын үйдөн чыгаруу аракети жүрүүдө