Бир кадр менен: Дүйнө чемпионатында жаңы тарых жараткан кыргыздын үч кызы

Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы Норвегиянын Осло шаарындагы Дүйнө чемпионатындагы таймаштарын жыйынтыктады. Бул тууралуу балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Instagram барагына жазды.

Ал өзү жана турнирдин башка байге ээлери болуп бирге түшкөн сүрөтүн жарыялады — Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы медалдары менен.

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова медалдары менен. Cүрөт: Тыныбекованын Instagram барагы

«Ал эми кыргызстандыктар мындан да көп медалдарга татыктуу! Алдыда дагы жеңиштерди алып келүү үчүн машыгууларды улантабыз», — деп жазды Тыныбекова.

Ал машыктыруучуларына, командасына жана колдоп жаткан бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Бул турнир өлкөнүн кыз-келиндер курамасы үчүн тарыхта эң жемиштүү болду, себеби спортчу кыздардын баары медаль менен кайтып келет.

Алсак, Айсулуу Тыныбекова бул дүйнө чемпионатында 62 кг салмакка чейин категорияда алтын медалды багындарды. Жыйынтыгында Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Мээрим Жуманазарова дагы 68 кг салмакка чейин алтын утту, ал эми Айпери Медет кызы ушул эле турнирдин 76 кг салмакка чейинки таймашында коло медалды багындырды.

Бул турнирдеги жалпы медалдык эсепте Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы 6-орунду камсыздады.