OCCRPнин өкүлү: «Магнитский тизмесине» кирген Матраимовду эми эмне күтөт?

Райымбек Матраимов

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борборунун (OCCRP) тең-негиздөөчүсү Дрю Салливан «Азаттыкка» экс-бажычы Райымбек Матраимовдун санкциялык «Магнитский тизмесине» киргизилишинин кесепеттери тууралуу айтып берди. Салливан Матраимовдун мыйзамсыз аракеттери тууралуу «дүйнөнүн бардык өлкөлөрү белги алат» деп эсептейт. Санкциялык тизмелери чындап эле башка мамлекеттерде дагы бар, мисалы, Улуу Британияда.

«Мындай санкцияга илингендердин АКШдагы мүлкү камакка алынат. Анын Кошмо Штаттарда эч кандай мүлкү же байлыгы жок болушу да ыктымал, бирок табылып калса камакка алынат. Дагы бир маанилүү нерсе – бир катар өлкөлөрдүн өздөрүнүн “Магнитский мыйзамы” сыяктуу санкциялар тизмеси бар», — деди Салливан.

АКШнын санкциялык тизмесине түшүү башка мамлекеттердеги дагы санкцияларга алып келиши мүмкүн — «Эгерде кимдир-бирөө бир өлкөнүн “кара тизмесине” илинсе, анын таасири башка өлкөлөргө да тарап, санкция салбаган эле жерде мүлкү чыкса, ал камакка алынышы мүмкүн».

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Абдукадыр кланы менен бирге жүргүзгон Дубайда жалпы иши бар. Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова Абдукадырлар менен бирге Дубайдын тездик менен өнүгүп бараткан районунда курулуп жаткан беш кабаттуу имараттын курулушуна салым кылышкан. Кыязы, санкциялар бул мүлккө тийиштүү болбойт.

«Бирок Европа Биримдиги жакында эле аны жактырган. Демек, Батыш Европадагы 27 өлкө өз аймагынан Матраимовго байланышы бар мүлк-байлык тапса, камакка алат», — дейт Салливан.

АКШнын Каржы министрлиги кыргыз аткаминерин коррупционер жана кылмышкер деп таанып, аны санкциялык тизмеге киргизди — Матраимовдун АКШдагы эсеби камакка алынып, визасы жоюлушу мүмкүн. Бул ага акча которууларды ишке ашырууга жолтоо кылышы мүмкүн, анткени бул процесстерде Американын сервистери колдонулат — мисалы, SWIFT жана Visa. Ошондой эле америкалык ишкерлер менен жарандарга тизменин фигуранттары менен кызматташууга тыюу салынат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Райымбек Матраимовдун иши дагы деле илектенип жатканын билдирди.

«Мамлекеттик зыянды ордуна коюу, коррупцияга бөгөт коюу, кылмышты тез арада тергеп сотко өткөрүү, соттон жазасын алуу — биздин бир гана максатыбыз ушул. [...] Мендеги маалымат боюнча 1 млрд. сомго жакын мамлекеттик зыян өндүрүлдү. Атайын график бар. Ал сөзсүз келтирген чыгымын төлөйт», — деп билдирди ал. Матраимов кармалып, тергөө менен кызматташкандан кийин 1-декабрга чейин мамлекеттин пайдасына 2 млрд сом төлөп бериши керек эле, бирок ал азырынча бул сумманын жарымынан азын гана төлөдү.

Кыргызстандын экс-чиновниги санкциялык тизмеге кандайча киргендигин билгиңиз келеби? Анда биздин иликтөөлөр менен таанышып чыгыңыз: