Дайырбек Орунбеков. Сүрөт: Орунбековдун фейсбук барагынан алынды

Мурдагы журналист Дайырбек Орунбеков кыргыз бажысындагы коррупция жана аткезчилик тууралуу иликтөө жасаган журналисттерди сынга алды. Ал иликтөөнүн башкы фигуранты бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн тарапташы.

Орунбеков журналисттердин иликтөөсү Кытайдан ташылган товарлардын баасынын өсүшүнө алып келди деп эсептейт. Анын айтымында, мурда товарлар Кыргызстанга түз келип турган, эми болсо Казакстан аркылуу ташылып жатат.

«Кытайдан келген товар Казакстан аркылуу бажы салыгы төлөнүп, кайра Кыргызстанга келип дагы салык алынып баалар өсүп кетип жатат […] Митинг кылган "патриот", иликтөөчү хрендердин айынан Кыргызстан үчүн жеңилдетилген жолдор азыр Казакстанга кетти. Көт чукугучтар, силердин кыргызга кылган жакшылыгыңар ушул болду», — деп жазды ал Фейсбук баракчасында.

Ошондой эле Орунбеков курулуш материалдар «чыдагыс кымбаттаганын айтып, дагы митинг кылгыла бузукулар» деп какшыктады.

«RЕакция 2.0, 3.0, 4.0, 5.0 деп. Силер го балкондон башыңарды чыгарып, булочка жеп кайра кирип кетесиңер. Соода-сатык, курулуш менен иштегендерге оор эле болду», — деди Орунбеков.

*RЕакция — бажыдагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөлөр чыккандан кийин өткөн митингдер. Алгачкы эки акция аталган темага арналган. Кийинки митиндер башка резонанстуу окуяларга байланыштуу REакция чакырыгы менен өтүп турган.

Бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөгө арналган RЕакция митинги.  Сүрөт: Вячеслав Оселедко 

Дайырбек Орунбеков деген ким?

34 жаштагы Дайырбек Орунбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп-өскөн. Саясатка келгенге чейин Maalymat.kg сайтын негиздеп жетектеген.

Орунбеков Башкы прокуратура ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «ар намысын жана абийрин» коргоп аны сотко бергенден кийин коомчулукка таанылган.

Журналист мындан алты жыл мурунку макаласында 2010-жылы июнда Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышка мурдагы президенттин жана башка саясатчылардын тиешеси бар деп айыптаган.

Орунбековдун макаласы сот териштирүүлөрүнө негиз болгон. Башкы прокуратура Атамбаевдин «ар-намысы жана кадыр баркын» коргоп, Орунбековду сотко берип ишти утуп алган. Журналист мурдагы президентке келтирген моралдык зыяны үчүн 2 млн сом компенсация төлөп бериши керек болгон.

Журналист анча акчасы жок экенин айтып, штрафты төлөш үчүн киши башынан бир сомдон акча чогулта баштаган. 2016-жылы августтун башында Башкы прокуратура журналист соттун өкүмүн аткарып компенсация төлөп бербегени үчүн ага каршы кылмыш ишин козгогон.

2017-жылдын февралында Орунбековго каршы кылмыш иши токтотулган, бирок ага өлкөдөн чыкканга тыюу салынып, Атамбаевге компенсация төлөп берүүгө тийиш болгон. Президентикке Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин анын иши кыскартылган.

2018-жылдын ноябрынан тартып 2020-жылдын 4-октябрына чейин ал ошол кездеги соцөнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси болуп иштеген.

Райымбек Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов жана Дайырбек Орунбеков. Сүрөт: Орунбековдун фейсбук барагынан алынды

Орунбеков 2020-жылкы парламенттик шайлоодо бийликчил «Биримдик» саясий партиясын колдогон. Ошондой эле, анын Матраимовдор кланын колдогон фейк-фермалар менен байланышы бар экендиги аныкталган.

Орунбековдун таанышы ал «“Биримдик” партиясынын шайлоо штабында иштегенге чейин чындап эле Матраимовдордун кланынын кызыкчылыгы үчүн иштеген» деп айтып берген.

Тема боюнча: Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?

Орунбеков менен бул маалыматты тактоого мүмкүн болгон эмес. Ал расмий түрдө жооп берүүдөн баш тарткан жана фейктер менен байланышы бар экенин бейрасмий төгүндөгөн. Анткен менен пандемия маалында гуманитардык жардамды таркатып, Матраимовдорду үй-бүлөсүнө иштегенин тастыктаган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары алдан ала жыйынтык боюнча алдыңкы орундарды алышкан. Шайлоонун жыйынтыгы көпчүлүк партиялардын нааразычылыгын жаратып, мөөнөтсүз митингдер бийликтин алмашуусуна алып келген. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Бийликке Садыр Жапаров келгенден кийин Орунбеков «Манас» аэропортунун башчысы Бактыбек Сыдыковдун кеңешчиси болуп дайындалган. Сыдыков кызматтан алынгандан кийин Орунбеков да иштен кеткен.

Бирок ал азыркыга чейин «Кумтөр иши» боюнча кармалган депутат Асылбек Жээнбековду колдоп, анын соттук процесстери тууралуу маалымат берип келет.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо Орунбеков «Биздик Кыргызстан» партиясы үчүн добуш берерин айткан. Коомчулукта аталган партияны Матраимовдордун кланы менен байланыштырышып келишет. Партияны депутат Айбек Осмоновдун иниси Нурбек Осмонов жетектейт. Осмоновдор «Мекеним Кыргызстан» партиясын да негиздешкен, бирок Матраимовдорго тарттырып жибергени айтылып келет.

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери «Биздин Кыргызстан» менен «Мекеним Кыргызстан» партияларын салыштырып, алардын байланыштарын таап чыгышкан. Мисалы мурда Бишкек шаардык кеңешине «Мекеним Кыргызстан» менен баргандар кайра шайлоодо «Биздин Кыргызстандын» катарында ат салышкан.

Светлана Тиоуринанын иллюстрациясы

Журналисттик иликтөө

Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдөгү эң таасирлүү кландардын бири. Үй-бүлөдөгү ага-инилердин бири — бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долллар тууралуу иликтөөсүнүн фигуранты. Журналисттер Матраимовдордун кланы кытайлык таасирлүү ишкер Хабибулла Абдукадыр менен бирге кулач жайган көмүскө карго империянын схемасын түзгөнүн аныкташкан.

Иликтөөнүн башкы маалыматчыларынын бири — уйгур тектүү ишкер Айэркен Саймаити — 2019-жылы күзүндө Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн.

Журналисттик иликтөөлөр менен кеңири таанышуу үчүн төмөнкү материалга баш багыңыздар:

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы