Чүй: Убактылуу кармоочу жайдан качкан шектүү Бишкектин четинен кармалды

Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы 10-октябрда эртең менен Ысык-Ата РИИБнин изоляторунан шектүү качып кетип, көп өтпөй кайгуул милициясы тарабынан кармалганын кабарлады.

1995-жылы туулган Тилек Акматов аттуу жаран 2021-жылдын 8-октябрында, Ленин айылындагы үйлөрдүн бирине ууруга кирди деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

Шектүү Тилек Акматов. Сүрөт: Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы.

Бирок 10- октябрдын таңында, болжол менен саат 07:00дө шектүү убактылуу кармоочу жайдан качып чыккан. Чүй ОИИББдин өздүк курамы толугу менен издөө иштерине тартылып, жолдорго блокпосттор коюлган.

Милиция качып кеткен шектүүнү кармоо үчүн дене түзүлүшү, кийген кийими сүрөттөлгөн багыттама тараткан. Бирок көп өтпөй кайгуул кызматкерлери шектүү Бишкектин четинен кармалганын билдирди.

«Кармалган учурда ал тиричилик техникасы салынган унааны башкарып бара жаткан. Унааны убактылуу кармоочу жайдан чыккандан кийин айдап качкан», — деп кошумчалады кайгуул милициясы.

Кармалган шектүү Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени айтылды.