Эл аралык арбитраждык сот «Мегакомдун» ишин Кыргызстандын пайдасына чечти

Кыргызстан 8-октябрда «Penwell Business Limited’дин Кыргыз Республикасына каршы» иши боюнча арбитраждык сотто жеңди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы өзүнүн сот өкүлчүлүк борборуна таянып кабарлады.

Бул эмне болгон иш?

Орусиянын Penwell Business Limited компаниясы «Мегаком» соода маркасына ээлик кылган «БиМоКомдун» инвестору жана кредитору болуп саналат. 2009-жылдын жай айларына чейин Penwell «БиМоКомдун» 51% үлүшүнө ээлик кылып келген.

2009-жылдын июль айында бул компаниянын активдери жаңы түзүлгөн «Альфа Телеком» ЖАКна которулган. Penwell бул кадамды өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин рейдерлик басып алуусу деп атаган.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин компаниянын 49% акциясы улутташтырылып, калган 51%ы камакка алынган. Төрт жылдан кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин менчигине өткөн.

2017-жылы Penwell Business Limited компаниясы эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстанды сотко берген. Компания өлкө бийлиги экспроприация кылып, тактап айтканда инвестицияларды «Мегакомго» тартып алган деп билдирип, Кыргызстандан 298 млн доллар компенсация талап кылышкан.

Маанилүү жеңиш

Эл аралык арбитраждык сот Penwell инвестиция кылуу менен «бир нече ирет жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардамы аркылуу жана түздөн-түз коррупциялык тажрыйбага кайрылган» деген токтом чыгарды. Министрлер кабинетинин билдирүүсүндө бул акыркы чечим экени айтылган.

«Бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык тарыхында коррупциялык практика орун алгандыгынын негизинде чет элдик инвестордун доо талабы толук көлөмдө четке кагылгандыгы боюнча алгачкы окуя болуп саналат», — деп белгилешти минкабдан.