«Акыркы мүмкүнчүлүк берилип жатат». Акылбек Жапаров кандай убадалдарды берди?

Министрлер кабинетинин төрагалыгына бекитилиген Акылбек Жапаров 13-октябрдагы парламент жыйынында программасы менен тааныштырды. Анда алдыда минкабдын төрагасы катары аткара турган иштеринин негизги багыттарына токтолду.

«Клооптун» журналисттери Акылбек Жапаровдун убадаларынын эң маанилүүлөрүн топтошту.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы катары ант берип жатат. Трансляциядан скриншот 

Революциянин лимити түгөндү, бийлик идеалдуу эмес

Жапаров өз сөзүн тарыхка кайрылуу менен баштады. Ал Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылда үч революцияны башынан кечиргенин белгилеп, ар бирине «тарых өз баасын берет» деп билдирди. А бирок Жапаровду ушундай таасирдүү саясатчыга айланткан 2020-жылдагы бийлик алмашууну баары эле революцияда деп эсептебейт.

«Бирок талашсыз, өтө маанилүү факт бар, бир да революциядан кийин мамлекеттүүлүктү жоготуп алган жокпуз [...] Кыргыз эли, ар бир революциядан кийин сыноолорду жеңе билүүгө жөндөмүн, эркиндикке болгон кажыбас кайратын далилдей алды [...] Балким биз революциянын, бийликти алмаштыруунун дагы лимитин түгөтүп алдыкпы. Кыскасы, бизди артка калтыра турган коркунучтуу эксперименттер жетиштүү эле болду», — деди ал.

Жапаров ушул тапта экономикада жана коррупция менен күрөшүүдө реалдуу өзгөрүүлөр башталганын белгиледи.

«Бийлик күтүүсүздөн идеалдуу болуп калбайт, негизи табиятынан идеалдуу бийлик болбойт, болгон дагы эмес. Бирок бизде эмне болду? Баарыбыз саясатташып кеттик, ал эми бизди курчап турган аалам кескин өзгөрдү. Бул дүйнөдөгү чоң оюнчулардын карама-каршылыктары, пандемия жана андан келип чыккан экономикалык кыйынчылыктар, ооган очогу биздин түштүктөгү чек арага жакын болушу ойлондурбай койбойт [...] Мунун баары 30 жыл ичинде ар башка окуялардын жагдайы кооптуу болуп калганын айтып турат», — деди ал.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына наразы болгон кыргызстандыктар 2020-жылдын 5-октябрында митингге чыккан. Митинг өлкөдө бийликтиктин алмашуусу менен аяктаган. Сүрөт: «Клооп»

Жаңы экономикалык саясат

Жапаров Кыргызстан өзү экономикасын иретке келтирип, виртуалдык дүйнөдөн чыгып, өз алдынча акча табууга үйрөнүшү керек деп белгиледи.

Анын айтымында, ал үчүн өлкөгө жаңы экономикалык саясат керек. Анын негизин адал эмгек, адилет салык жана социалдык теңдик түзөт.

Ал өлкөнүн экономикалык абалын изилдеп чыгып, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келгенин белгиледи.

Биринчиден, Жапаровдун айтымында, экономиканы фискалдаштыруу жана санариптештирүү керек. Ошол эле учурда, министрлер кабинетинин жаңы түзүмүндө жок дегенде аталышында санариптештирүү менен алек боло турган бир дагы ведомство жок.

13-октябрда президент Садыр Жапаров минкабдын төрагасынын орун басары жана санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевди кызматынан бошоткон. Сүрөт: «Кабар»

Ошондой эле, Жапаровдун пикиринде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн айыл чарба тармагын реформалоо керек. Андан тышкары, минкабдын төрагасынын айтымында, орто жана ири бизнести колдоого алып, көмүскө экономика менен күрөшүү керек.

Жапаров өлкөдө туризмди өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, ал үчүн жаз алды менен туристтик аймактарга кеткен жолдор оңдолот деп билдирди. Ал тургай, бийлик бюджети бир млрд сомду түзгөн туризмди өнүктүрүү фондун түзүүгө ниеттенип жатат.

Жапаровдун айтымында, экологиядагы көйгөйлөр дагы системалуу түрдө чечилет.

Байлар көбүрөөк төлөшү керек

Жапаров салыктар боюнча дагы ой бөлүштү. Анын айтымында, «байлар салыкты көбүрөөк төлөшү керек».

«Менин принципиалдуу позициям мындай: байлар көбүрөөк салык төлөшү керек, ошол эле учурда жумуш орундарын түзүп жатышса мамлекеттен тиешелүү жеңилдиктерди алышы керек. Дүйнө жүзүнүн баарында ушундай [...] Салыктарын төлөсө биз аларга да жардам беришибиз керек. Олигархтар болбошу керек, бирок байлар болушу керек деп эсептейм», — деп белгиледи ал.

Жапаров байлардын талантынын эсебинен бийлик «аз камсыз болгондордун санын кескин кыскартышы» керек деп эсептейт.

Бирок кийин, жыйындын жүрүшүндө «бир дагы салык көтөрүлбөйт» деп түшүндүрдү. Андан тышкары, жаңы Салык кодексинин автору эмес экенин, бирок демилгечилер тобунун мүчөсү экенин айтып берди.

Кумтөр — бул сынак

Буга чейин «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеген Жапаров кендин айланасындагы акыркы окуяларды жана Centerra Gold Inc. менен болгон соттук териштирүүлөрдү «экономикалык неоколониализмге каршы күрөш» деп атады. Кыргызстандын бийлиги кенге сыртынан башкаруу киргизген, ал эми кенди иштеткен Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

«Кумтөр кени, менин саясий тагдырымда болгону үчүн Кудайдын астында ыраазымын. Анткени Кумтөр — Кыргызстандын жаңы суверендүү тарыхында жаңы кадам болду [...] Кумтөрдүн айланасындагы азыркы абал Кыргызстан үчүн кандайдыр бир деңгээлде чоң сыноо жана экзамен болуп жатат. Муну мен өз акылы менен өз аймагындагы байлыктарды, жер казынасын жана абасын тескөө укугун алууга күрөшүү деп кабылдайм. Бул эл менен бийликтин бышып жетилгендигине карата өтө турган сыноо», — деди ал.

18-майда минкабдын экс-төрагасы Улукбек Марипов «Кумтөрдүн» жамаатына азыркы тышкы башкаруучу Теңгиз Бөлтүрүктү тааныштырган. Анда кыргыз бийлиги «Кумтөргө» тышкы башкаруу киргизген. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы

Ал кендин иши туруктуу уланып жатканын дагы бир жолу кайталады.

«Өлкөдөн алтын чыгарылып кетип турган ошол узак 22 жылга караганда бүгүн алтын бизде калып жатат. Салыктар түшүп жатат. Август айына карата айрым кечигүүлөр менен төлөмдөрдүн кыскаруулар бар, бирок, көлөмү калыбына келтирилет деп ойлойм», — деп белгиледи ал.Анын айтымында, бүгүнкү күндө кенде 5 тонна алтын өндүрүлгөн, ал эми «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинде 100 млн доллар бар.«Теңгиз Бөлтүрүк менен биргеликтер бизге дүйнөлүк деңгээлдеги беш-алты адис келген, алар иштеп жатат. Жакында эле Швейцариядагы сүйлөшүүлөрдө Centerra’нын өкүлдөрү дагы кен иштеп жатканын, кыргызстандыктан мындай өндүрүштө иштей алышарын моюнга алышты», — деди Жапаров.

Чынында эле, кен боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн, бирок Centerra азырынча жыйынтык тууралуу бир дагы билдирүү жасай элек. Кыргызстандын бийлиги болсо Канада компаниясы менен сүйлөшүүлөргө канааттанганын билдирген.

Бюджетти көбөйтүү

Жыйында Жапаров жаңы өкмөт кандай жол менен бюджетти толтурууну пландап жатканын дагы айтып өттү. Анын айтымында, биринчи кезекте бийлик бажыдагы көмүскө схемалардын бетин ачат.

«Президенттин буга эрки жетет. Кумтөр боюнча жеткенден кийин кантип бажыга жетпей калсын [эрки]? Президент бизге ошондой карт-бланшты берди», — деди ал.

Улуттук статкомдун маалыматына караганда, кыргызстандыктар 2020-жылдын биринчи жана экинчи жарым жылдыгында эң коррупциялашкан маморган деп Мамлекеттик бажы кызматын аташкан.

Бажы кызматынын имараты

Ошондой эле ал минкаб 2021-жылы бажы алымдарын 50 млрд сомдон 100 млрд сомго жеткирет деп убада берди. Мындан тышкары, анын айтымында, минкаб салык жыйноолорун 100 млрд сомдон 150 млрд сомго чейин көбөйтөт. Бийлик салыктык эмес кирешелерди дагы 20 млрд сомго көбөйтөт.

«Жалпы жонунан быйыл жыл аягына чейин бул булактардан 280 млрд сом менен бүтүрөбүз, эмдиги жылы буюрса 400 млрд сомдун деңгээлинде бюджетти аткарабыз», — деп убада берди Жапаров.

Тема боюнча: Акылбек Жапаров: Бажыдагы көмүскө схемалардын бетин ачууга президенттин «эрки жетет»

Энергокризис

Жапаров энергокризис тууралуу маселеге да токтолуп, өлкө келе жаткан күз-кыш мезгилине «анчейин жакшы эмес абалда» кирип баратканын белгиледи.

«Аны баарыңар билесиңер. Кымбат жана тартыш болуп жетпей жаткан көмүрдү сатып алып жаткан эл дагы түшүнүп турат. Муну Токтогул суу сактагычындагы суусу толук эмес энергетиктер дагы билет. Кыйынчылыктар болот, бирок кыйроого алып баргыдай эч нерсе болбойт», — деди ал.

Бирок Жапаров минкаб кышында «элдин жашоосун жеңилдетиш үчүн колунан келген аракетин көрөт» деп ишендирди.

Тема боюнча: «Кыйроого алып баргыдай эч нерсе болбойт». Акылбек Жапаров энергокризис тууралуу

Мугалимдердин айлыгын көбөйтүү

Депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып, Жапаров 2022-жылы бийлик мугалимдердин, врачтардын жана маданият кызматкерлеринин маянасын көбөйтөт деп билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын эсебинен Баткен облусунда чек арадагы куралдуу жаңжалдан улам күч түзүм кызматкерлеринин маянасы көбөйгөн.

«Эмдиги жылы биринчи мугалимдер менен врачтардан, маданият тармагынын кызматкерлеринен баштайбыз. Президент айлыктарын эки эсе көтөрөсүң деген тапшырма берди. Биз ошондуктан фискалдаштыруунун үстүнөн иштеп, контрабанданы жана көмүскө экономиканы жоюп алышыбыз керек. Айлык качан көтөрүлөт, салык көбөйгөндө гана [көтөрүлөт]. Салыктын эсебинен гана айлык, пенсия жана пособия көтөрүлөт [...] Биз [кыздардан] кимге турмушка чыгасың деп сураганда, мугалимге деп жооп бергенге чейин токтобойбуз», — деди ал.

Тема боюнча:Акылбек Жапаров: Айлык кыздар мугалим жигитке турмушка чыгабыз деп калганча көтөрүлөт

Акыркы мүмкүнчүлүк

Жапаров сөзүнүн аягында бул өзү үчүн жана өз өз муунундагы саясатчылар үчүн «элдин эсинде татыктуу орунда калууга» берилген акыркы мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн деп жыйынтыктады.

Жаңы минкабдын курамынын бир бөлүгү. Трансляциядан скриншот

«Мен биздин муундагы саясатчылар сыяктуу эле 30 жылдын ичинде өлкөбүздө болуп жаткан окуяларга жооптуубуз. Бирок азыркы биздин муундагы саясатчылар үчүн дагы бир жолу, балким, акыркы шанс берилип жатат. Мен мындай мүмкүнчүлүктү 100% колдонуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм деп сиздерге сөз бере алам», — деп белгиледи ал.