Акылбек Жапаров: Бажыдагы көмүскө схемалардын бетин ачууга президенттин «эрки жетет»

Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров 13-октябрдагы парламенттин жыйынында жаңы өкмөт бюджетти кантип толтура турганын айтып берди.

Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев Жапаровдон жаңы өкмөт үстүбүздөгү жылга карата бекитилген мамлекеттик бюджетти кийинки жылга чейин кандай жол менен 200 млрд сомдон 400 млрд сомго көбөйтүүнү пландап жатканын сурады.

«Бир жылда эки эсе. Аны кандай жол менен кыласыз? Бул реалдуу, турмушка аша турган нерсеби?» — деп сурады депутат.

Министрлер кабинетинин м.а. бюджетти көбөйтүү реалдуу, иш-аракеттер планы бар экенин айтып жооп берди.

«Мен сиздерге булактарын так айтып коёюн. Бажыдагы көмүскө иш-аракеттин баары ачыкка чыгат. Президенттин буга эрки жетет. Кумтөр боюнча жеткенден кийин кантип бажыга жетпей калсын [эрки]? Президент бизге ошондой карт-бланшты берди», — деди ал.

Акылбек Жапаров 13-октябрда парламенттин жыйынында. Трансляциядан скриншот

Ошондой эле ал минкаб 2021-жылы бажы алымдарын 50 млрд сомдон 100 млрд сомго жеткирет деп убада берди. Мындан тышкары, анын айтымында, минкаб салык жыйноолорун 100 млрд сомдон 150 млрд сомго чейин көбөйтөт. Бийлик салыктык эмес кирешелерди дагы 20 млрд сомго көбөйтөт.

«Жалпы жонунан быйыл жыл аягына чейин бул булактардан 280 млрд сом менен бүтүрөбүз, эмдиги жылы буюрса 400 млрд сомдун деңгээлинде бюджетти аткарабыз», — деп убада берди Жапаров.

Ал өлкө бийлиги 2023-жылдын 1-январынан тартып пенсия, пособия жана айлыктын өлчөмү жашоо минимунан төмөн болбойт деп милдеттенме алгандыктан бюджеттин кирешелерин көбөйтүү керек деп белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 720 миң пенсионер бар, алардын ичинен 48%ы жашоо минимумуна жетпеген пенсия алат.

«Ал милдеттерди аткарыш үчүн президент биздин алдыбызга мына ушундай так тапшырмаларды койду. Мен аткара албасам, бөлөк бирөө келип аткарат», — деди ал.

Тема боюнча: «Убакыт берели». Президент Акылбек Жапаровду минкабдын башчылыгына сунуштады