Акылбек Жапаров: Айлык кыздар мугалим жигитке турмушка чыгабыз деп калганча көтөрүлөт

2022-жылы мугалимдердин, врачтардын жана маданият кызматкерлеринин маянасы көбөйөт. Бул тууралуу 13-октябрдагы парламент жыйынында минкабдын төрагасынын м.а Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Абдывахап Нурбаев жыйында Жапаровго баалар жогорулап кеткенин эске алуу менен келерки жылы мугалимдердин айлыгы жогорулайбы деген суроо узатты. Анын айтымында, айлык акынын төмөн болушу билим сапатына терс таасирин тийгизет.

«Келечекте билимдүү балдарды тарбиялайлы десек, биринчи кезекте мугалимдерге көңүл бурушубуз керек. Эң айлыгы аз мугалимдер — орточо айлык 12 миң сом», — деди ал.

Жапаров жооп берип, быйылкы жылдын эсебинен Баткен облусунда чек арадагы куралдуу жаңжалдан улам күч түзүм кызматкерлеринин маянасы көбөйгөнүн айтты.

«Эмдиги жылы биринчи мугалимдер менен врачтардан, маданият тармагынын кызматкерлеринен баштайбыз. Президент айлыктарын эки эсе көтөрөсүң деген тапшырма берди. Биз ошондуктан фискалдаштыруунун үстүнөн иштеп, контрабанданы жана көмүскө экономиканы жоюп алышыбыз керек. Айлык качан көтөрүлөт, салык көбөйгөндө гана [көтөрүлөт]. Салыктын эсебинен гана айлык, пенсия жана пособия көтөрүлөт [...] Биз [кыздардан] кимге турмушка чыгасың деп сураганда, мугалимге деп жооп бергенге чейин токтобойбуз», — деди ал.

Мугалимдердин көбү — аялдар

Кыязы, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин көпчүлүгүнө күйөө издөөгө туура келет окшойт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларды кошкондо 4 миңден ашык билим берүү мекемеси бар.

Аларда 113 миңден ашык педагог иштейт. Алардын ичинен 85%дан ашыгы — аялдар. Ошол эле учурда алардын болгону 8%ы директор же алардын орун басарлары болуп эсептелет.