ЖМКда Аскар Салымбековдун иниси кармалганы айтылды

Маалымат жаңыртылып турат

Бир катар ЖМКлар укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, ишкер Эркинбек Салымбековду УКМК кызматкерлери кармаганын жазышты. Ал «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун иниси.

Эркинбек Салымбеков. Сүрөт: kaktus.media

Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, ал 12-октябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок AKIpress маалымат агенттиги Салымбеков 13-октябрда кармалганын жазды.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, ага бажыдагы мыйзамсыз схемалар боюнча айып тагылууда. Эркинбек Салымбековдун эмнеге шектелип жатканы белгисиз», — деп жазат 24.kg.

УКМК Эркинбека Салымбековдун кармалганы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Ошол эле учурда, ишкердин атасы Мамытбай Салымбеков журналисттерге уулу Эркинбектин кармалганы тууралуу эч нерсе билбестигин айтты.

«Билбейм. Эч кандай маалыматым жок. Экөөбүз бүгүн эле сүйлөштүк», — деди ал Vesti.kg басылмасына курган маегинде.

Салымбековдордун үй-бүлөсүнө өлкөдөгү «Дордой» базары жана башка бир катар ар башка тармактардагы бизнестер таандык. Бул үй-бүлөнүн жүзү — Аскар Салымбеков. Ал «Эмгек» партиясынын негиздөөчүсү жана лидери.

Аскар Салымбеков. Сүрөт: «Кабар»

Эркинбек Салымбеков болсо Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, бир катар компаниялардын, анын ичинде «Дордой Моторс ЖЧКнын» негиздөөчүсү жана жетекчиси.

«Ал коомдук ишмер, “Эмгек” партиясынын турмушуна активдүү катышканы белгилүү», — деп жазат kaktus.media.

«Эмгек» 2021-жылдын жайында Бишкек шаардык кеңешине шайланып келген. Ал шаардык кеңештин 11 мандатына ээ болгон.