Аскар Салымбековдун иниси УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди

Бишкектин Биринчи май райсоту ишкер Эркинбек Салымбековдун баш коргоо чарасын аныктады. Соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Салымбеков 2021-жылдын 6-декабрына чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.

УКМК дагы деле комментарий бере элек.

Эркинбек Салымбеков. Сүрөт: kaktus.media

Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, ал 12-октябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми AKIpress маалымат агенттиги Салымбеков 13-октябрда кармалганын жазган.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, ага бажыдагы мыйзамсыз схемалар боюнча айып тагылууда. Эркинбек Салымбековдун эмнеге шектелип жатканы белгисиз», — деп 24.kg жазган.

УКМК Эркинбека Салымбековдун кармалганы тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Ошол эле учурда, ишкердин атасы Мамытбай Салымбеков журналисттерге уулу Эркинбектин кармалганы тууралуу эч нерсе билбестигин айткан.

«Билбейм. Эч кандай маалыматым жок. Экөөбүз бүгүн эле сүйлөштүк», — деген ал 14-октябрда Vesti.kg басылмасына курган маегинде.

Салымбековдордун үй-бүлөсүнө өлкөдөгү «Дордой» базары жана башка бир катар ар башка тармактардагы бизнестер таандык. Бул үй-бүлөнүн жүзү — Аскар Салымбеков. Ал «Эмгек» партиясынын негиздөөчүсү жана лидери.

Аскар Салымбеков. Сүрөт: «Кабар» 

Эркинбек Салымбеков болсо Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, бир катар компаниялардын, анын ичинде «Дордой Моторс ЖЧКнын» негиздөөчүсү жана жетекчиси.

«Эмгек» 2021-жылдын жайында Бишкек шаардык кеңешине шайланып келген. Ал шаардык кеңештин 11 мандатына ээ болгон.