Ош: 15 жашар кызды зордуктоого шектелип милициянын мурдагы кызматкери кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 15 жашар кызды зордуктоого шектелип 25 жаштагы милициянын мурдагы кызматкери кармалды. Экспертизанын жыйынтыгы кыздын зордукталганын тастыктап, шектүү бир айга камакка алынды.

Ош ШИИБдин маалыматына караганда, окуя 12-октябрга караган түнү болгон. Ал күнү мурдагы милиционер түнкү эс алуучу жайлардын биринен 15 жашар кыз менен таанышкан.

Түнкү саат 03:00 чамасында кызды өз унаасына салып, Анар кичи районундагы үйүнө алып барып, ал жерден «эркине каршы зордуктаган». Жабырлануучу милицияга жазган арызында шектүү аны «бычак такап коркутканын» жазган.

Ал эми атайын экспертиза кыздын зордукталганын тастыктады.

Шектүү кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ош шаардык соту 14-октябрда анын бөгөт коюу чарасын карап, бир айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кошумчалагандай, кармалган киши буга чейин Ош ОИИБде иштеп кеткен.

Учурда «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.