Коронавирустун 94 жаңы учуру катталып, үч адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда 16-октябрга карата коронавирустун 94 жаңы учуру катталып, 77 бейтап айыгып чыкты. Ошондой эле оорудан үч адам көз жумду.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 44;

Чүй облусу — 31;

Ысык-Көл облусу — 10;

Жалал-Абад облусу — 5;

Ош шаары — 3;

Талас облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 179 775ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 174 578 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 632 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 503 бейтап, ал эми үй шартында 559 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 16-октябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 901 593 адам, ал эми экинчи дозасын 683 354 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.