Акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырды

БШКнын маалымат кызматы акыйкатчы Токон Мамытов отставкага кеткенин кабарлады. Ведомствонун маалыматына ылайык, укук коргоочу «партиялардын бири менен» шайлоого аттанганына байланыштуу кызматтан кетти.

Мамытов буга чейин журналисттерге курган маегинде бир нече жылдан бери мүчө болуп келген «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышарын айткан. Партия съезд өткөргөндөн кийин, Мамытов партия тизмесинин алгачкы бештигине киргени белгилүү болду.

Акыйкатчы жакында президент Садыр Жапаров кол койгон «Шайлоо жөнүндөгү» жаңы конституциялык мыйзамга ылайык үгүт иштери башталганга чейин кызматтан кетүүгө мажбур болгон.

Жаңы мыйзамга ылайык, президент, учурдагы парламенттин жана айылдык кеңештин депуттарынан башка бардык парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон мамлекеттик кызматкерлер жана саясий ишмерлер ээлеген кызматын тапшыруусу керек. Бул мыйзам муниципалдык жана 30% мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин жетекчилерине дагы тиешелүү. Бул чара админресурсту колдонууну алдын алуу максатында колдонулуп жатат.

«Эркин, адилет жана таза шайлоону камсыздоо үчүн админресурс ресурс түрүндө жарандардын эрк-ниетин билдирүүсүнө кандайдыр-бир таасир этүүнүн болбогондугу абдан маанилүү. Ошондуктан жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жетекчилердин бийлик ыйгарым укуктарын токтотуу процесси талапкерлер үчүн тең атаандаштыкты камсыздоо зарылдыгын түшүнүү бар экендигин күбөлөндүрөт», — деп белгиледи БШК.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Анын 18 орунун гана айымдар ээлейт. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.