Кемин районундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду

17-октябрь күнү Кемин районундагы Ударник айылында жол кырсыгынан эки адам каза болду. Дагы үч киши райондук ооруканага жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четиндеги бакты сүзгөн.

Каза тапкан 17 жаштагы уландын жана кыздын сөөгү тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кырсыкка кабылган үч өспүрүмдүн атын-жөнү такталууда.

Үч күн мурда, 15-октябрда Талас облусундагы Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 61-чакырымында «Хонда-Степвагон» менен «ДАФ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышып, сегиз киши каза болгон.