Октябрь окуялары: Беш айыпталуучунун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

18-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча соттук угуулар уланды. Натыйжада, сот бул иш боюнча айыпталган беш адамдын баш коргоо чарасын узартты.

Соттун чечимине ылайык, социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков менен УКМКнын экс-кызматкери Канат Сагымбаевди эч жакка кетпөө тил каты узартылды. Бирок, канча убакытка узартылганы белгисиз.

Мындан тышкары, дагы башка кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Фарид Ниязов менен ИИМдин башчысынын экс-орун басары Курсан Асановдун камакта калуу мөөнөтү узартылды.

Курсан Асанов, Фарид Ниязов жана Жениш Молдокматов. Сүрөт: Эрлан Бекчоро уулунун фейсбук барагынан

Ошондой эле, Биринчи Май райондук соту «Туран» саясий партиясынын жетекчиси Жеңиш Молдокматовду соттук териштирүү бүткөнгө чейин камакта калтырды.

Ушул эле иш боюнча айыпталып жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев сот отурумуна алып келинген эмес.

Жабык эшик артында өткөн сот отурумунда Молдокматов ага карата козголгон кылмыш иши саясий экенин, ТИЗОдо негизсиз жана акыйкатсыз отурганын билдирди.

«Мени бийликти басып алды деп айыпташууда. Бирок, чындыгында 15-октябрга чейин бийлик болгон эмес. Мен УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айыптоо абсурд деп ойлойм. Башаламандыктар, бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча бизге бир дагы далил бере алышкан жок. Мен 7 айдан бери түрмөдө жөн эле отурам. Кечирим сурабайм жана сынбайм. Мен түрмөдө отура берем, бирок адилеттик үчүн күрөштү токтотпойм. Тарых баарын чечет. Акырында камагандар өздөрү темир тордун артында калышат. Эгерде мени бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча айыптап жатышса, демек ал бийлик өзү мыйзамсыз», — деген ал.

Аларга кандай айып тагылган?

Былтыркы жылдагы октябрь башаламандыгы боюнча биринчи соттук отурум 2-ноябрга белгиленген. Буга чейин адвокат Замир Жоошев бул иш боюнча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы айыпталуучу экенин, бирок анын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн айткан.

Жоошевдин айтымында кылмыш ишинин 6 фигуранты тең 5-6-9 октябрдагы окуяларын уюштурган деп айыпталууда.

Тема боюнча:

«Абакта азыркы бийликтегилер отурушу керек». Октябрь окуялары боюнча сот жылды

Адвокат: Молдокматовго дагы төрт кылмыш иши козголду