«Абакта азыркы бийликтегилер отурушу керек». Октябрь окуялары боюнча сот жылды

Курсан Асанов, Фарид Ниязов жана Жеңиш Молдокматов. Сүрөт: Кундуз Жолдубаева

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-октябрында жана 9-октябрындагы башаламандыктар боюнча биринчи соттук отурум 18-октябрга жылдырылды. Буга айыпталуучулардын бири, «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун отурумга келбегени себеп болду.

Соттук отурумга тергөө абагынан ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана «Туран» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жеткирилген. Ошондой эле, сотко үй камагында болгон мамлекеттик күзөттүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев да келди.

Асанов отурумга журналисттерге «мен ойлойм акыйкат орнойт» деп билдирди.

«Бүгүнкү кылмыш иши боюнча — бардыгы токулган. Мен биринчиден сыймыктанам, туруктуулук, тынчтыкка салган салымыма. Өзүмүн мурунку кызматкерлериме, ошондой эле ардагерлерге, айрыкча жаш балдарга ошол күндөрү мага жардам бергенине», — деди Асанов.

Ал эми Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова ал сот процессинде президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдогонун билдирди.

«Мени өкүндүргөнү бир жыл мурун кандай иштер болсо, бул жолу дагы кайталанып жатат. Ички иштер министрлиги эч качан бул ишти тергебеш керек эле. Ички иштер министрлиги ал окуяларга күбө катары катышышы керек болчу […] Өздөрүнүн башынан көптөгөн кыйынчылыктар өткөн. Бүгүнкү күнү ошол окуялар кайра кайталанып жатат. Акыйкат бир күнү орнойт, ошондо ушул жерде отургандар уят болуп калбаш керек», — деген Асанов.

Ал эми саясатчы Жеңиш Молдокматов аларга тагылган айыпты «абсурд» деп атап, октябрь окуялары боюнча «биздин ордубузда [абакта] азыркы бийликтегилер отурушу керек» деп белгиледи.

Бул иштин башка фигуранттары — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов — сотко алынып келинген жок. Учурда Атамбаев №47 түзөтүү колониясында, анын адвокаты Сергей Слесарев мурдагы өлкө башчынын ден соолугу начар болгонун билдирди. Ал эми Бабанов ден соолугуна байланыштуу үй камагында.

*Бабанов үстүбуздөгү жылдын 31-майында «Кумтөр ишинин» алкагында кармалган. Ал 27-июлда УКМКнын тергөө абагынан бошотулуп, чет өлкөгө дарыланууга чыгып кеткен. Бабанов 5-сентябрда Кыргызстанга кайтып келди.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев «Азаттыкка» курган маегинде октябрь окуялары боюнча Бабановдун иши өзүнчө каралаарын билдирди. Бирок буга эмне себеп болгону белгисиз.

2020-жылдын 5-6-октябрында Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү митингге чыгышкан. Митинг массалык толкундоолорго айланып, митингчилердин бир тобу Ак үйдү басып алган.

Ошондой эле митингчилер абакта отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан — алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров да бар. Кийинчерээк Жапаровдун талапкерлиги премьер-министрликке сунушталган.

Ал эми 9-октябрда Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары жана жаш саясатчылар «УКТга каршы күрөш үчүн» биригип, митингге чогулушкан. Бул бирикмеден премьерликке Өмүрбек Бабанов сунушталган. Митингчилер Ала-Тоо аянтын көздөй бет алышкан.

Аянтта алар өздөрүн Жапаровдун тарапташтары деп атаган топ менен кагылышкан. Натыйжада Жапаровдун тарапташтары атаандаштарын таш бараңга алып, саясатчы Тилек Токтогазиев жана экс-премьер Темир Сариевдин жан сакчысы ооруканага түшкөн. Ал эми Атамбаевдин унаасына белгисиз адам ок чыгарган. Аянтка курал көтөрүп келген адам азыркы күнгө чейин табыла элек.

Садыр Жапаровдун бийлиги орнолгондон кийин күч органдары октябрь окуяларын иликтей баштаган.