УКМК Эркинбек Салымбековдун кармалышына байланыштуу билдирүү таратты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 17-октябрда коррупцияга шектелип жаткан Эркинбек Салымбековдун кармалышынын чоо-жайын түшүндүрдү.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Салымбеков айыл чарба азыктарын экспорттоо тармагындагы уюшкан кылмыштуу топтун ишин тергөөнүн алкагында кармалды. УКМК компаниялардын тобу айыл чарба азыктарын өлкөдөн сыртка чыгарууда тоскоолдуктарды түзүп келгенин билдирди.

«Мунун кесепетинен айыл чарба өндүрүүчүлөрү өз продукциясын ЕАЭБдин аймагына тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан», — деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, аталган компаниялар айыл чарба министрлигинин чиновниктери, анын ичинде Эркинбек Салымбеков менен өз ара кутум келишимге барган. Тергөө уланууда.

Салымбековдун кармалышы

УКМК Салымбековду кайсы күнү кармаганы тууралуу ар кандай маалымат айтылып жатат. Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, ал 12-октябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми AKIpress маалымат агенттиги Салымбеков 13-октябрда кармалганын жазган.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 15-октябрда ишкер Эркинбек Салымбеков «Коррупция» беренеси боюнча шектелип жатканын билдирген. Ал 2021-жылдын 6-декабрына чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Салымбековдордун үй-бүлөсүнө өлкөдөгү «Дордой» базары жана башка бир катар ар башка тармактардагы бизнестер таандык. Бул үй-бүлөнүн жүзү — Аскар Салымбеков. Ал «Эмгек» партиясынын негиздөөчүсү жана лидери.

«Эмгек» 2021-жылдын жайында Бишкек шаардык кеңешине шайланып келген. Ал шаардык кеңештин 11 мандатына ээ болгон

Эркинбек Салымбеков Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, бир катар компаниялардын, анын ичинде «Дордой Моторс ЖЧКнын» негиздөөчүсү жана жетекчиси.