Министрлер кабинети «Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомдун долбоорун 18-октябрда коомдук талкууга чыгарды. Долбоорду Экономика жана финансы министрлиги демилгелеген.
Ага ылайык, төмөнкү товарлардын баасы бир айда 20%га кымбаттаган учурда көзөмөлгө алынып, жөнгө салынат:
- 1-сорттогу буудай уну;
- 1-сорттогу ундан жасалган нан;
- 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт;
- өсүмдүк майы;
- 72,5% майлуулуктан кем эмес каймак майлар;
- эт (уйдун жана койдун эти);
- кумшекер;
- ак күрүч;
- макарон азыктары;
- жумуртка;
- көмүр;
- Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизелдик күйүүчү май;
- суюлтулган газ;
- жер семирткичтер;
- тоют (чөп жана жем).
Буга чейин, 12-октябрда Министрлер кабинети күз-кыш мезгилине карата көмүрдүн баасын жөнгө салуу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, көмүрдүн бир тоннасы 1 250 сомдон 1 330 сомго чейин деп белгиленип, 90 күндүк мөөнөткө киргизилген.
Кыргызстанда баалардын кескин кымбатташы 2020-жылдын жаз айында башталган. Ошол учурда кыргыз бийлиги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына убактылуу жөнгө салуу киргизген.
Тема боюнча: