Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы пара алып жаткан учурда кармалды

Президенттин администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы «А.Т.Б.» пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 19-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып» соттолгон жаранды ырайым бериле турчу адамдардын тизмесине киргизүү үчүн андан 170 миң сом опузалаган.

Аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Президенттин сайтында ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов экени көрсөтүлгөн.

Апенов бул кызматка үстүбүздөгү жылдын май айында дайындалган. Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка таянсак, ал «Гарант АТБ Компани» ЖЧКсына ээлик кылат.

Ал бул кызматта турганда «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын экс-директору Салайдин Авазовго ырайым берилген. Алар Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылган болчу.