Президент коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган Калиев менен Авазовго ырайым берди

Айбек Калиев / Салайдин Авазов

Президент Садыр Жапаров «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» мамлекеттик компаниясынын экс-директору Салайдин Авазовго ырайым берди. Бул тууралуу «24.kg» басылмасы 16-сентябрда өздүк булактарына таянып жазды.

Эки аткаминер тең 2019-жылы Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылып, Калиев 14 жылга, ал эми Авазов 11 жылга кесилиген.

Калиевдин адвокаты Эрнис Саданбеков «Тазабек» басылмасына анын кардары эркиндикке чыкканын тастыктады. Ал эми «Кактус» басылмасы Калиев менен Авазовго ырайым берүү чечими үч жума мурун кабыл алынганын кабарлады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан «Клоопко» Калиев менен Авазов абактан бошотулганын ырасташты. Анткен менен мекемеден алар «жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу» эркиндикке чыгарылганын айтышты.

Ал эми «Клооптун» журналисттери аткаминерлер эки жыл мурда 10 жылдан ашуун мөөнөткө кесилгенин эске салганда ЖАМКтан «бул тууралуу маалыматтары жок экенин» айтышты.

Президенттин администрациясынан Калиев менен Авазовго ырайым берилиши тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Айбек Калиевди Бакиевдердин адвокаты коргогон»

Бул иштин алкагында 15 жылга кесилген экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов абактан бошотулган аткаминерлерди Александр Мощин жактап келгенин билдирди. Мощин убагында бозгун президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын коргоп келген. Ошондой эле ал президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

«Акыркы убакытта экөөнү тең Бакиевдердин адвокаты Александр Мощин коргоп келген — учурда ал Максим жана Жаныш Бакиевди реабилитациялоого аракеттенип жатат. Мощин ЖЭБ ишин кайра кароо боюнча сотко кайрылып, бирок кийинчерээк арызын чакыртып алды. Президенттин ырайымына иштеген окшойт», — деди Токтакунов.

Ошондой эле Токтакунов Калиев менен Авазов «чыккынчылык орток келишимине» барды деп эсептейт. Анын айтымында, Калиев соттук отурумдарда күнөөнү мойнуна албай келген, бирок азыркы көрүнүштөр ал күнөөлүү экенин тастыктаганын билдирет.

ЖЭБдеги авария

2018-жылдын январында Бишкек ЖЭБде авария болуп, анын айынан шаардыктардын үйлөрүндө температура төмөндөп, ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Аварияга чейин ЖЭБ насыяга алынган 386 миллион доллардын эсебинен модернизацияланган болчу. Мындан улам укук коргоо органдары бир катар аткаминерлерди «Коррупцияга» шектеп кармаган.

2019-жылы Свердлов райондук соту Сапар Исаков менен Айбек Калиевди 15 жылга эркинен ажыраткан. Кийин Калиевдин жаза мөөнөтү бир жылга кыскарган. Ал эми Салайдин Авазовго 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Мындан сырткары бул иш боюнча мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга кесилген.

Башкы прокуратура мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевден сырткары бардык фигуранттарды эркинен ажыратууну өтүнгөн. Артыкбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, ага 5 млн сомдук айып салынган жана ал үч жылдык мөөнөткө мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыратылган.

Ошондой эле айып пулга мурдагы каржы министри Ольга Лаврова жыгылган — ал мамлекетке 3 млн сом төлөөгө милдеттендирилген.

Ал эми «Электр станциялардын» мурдагы башчысы Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди жаңыртуу боюнча башкаруу топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок алардын жаза мөөнөтү тергөө абагында эле аяктап, сот залынан бошотулган.

Ал эми Исаков өзү авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүндө эмес, эски корпустарында чыккан деп бир нече жолу айткан. Бирок депутаттар комиссия түзүп, жылуулук борборунун модернизациясы жаңыртуунун баасы кымбаттатылган деген корутунду чыгарган.

Исаков, Калиев жана Авазов 5-октябрдагы башаламандыктардын шартында абактан бошотулган. Ал эми 11-октябрда Авазов, анын эртеси күнү Калиев колонияга кайтарылган. Анткен менен Сапар Исаков абакка кайткан эмес, мындан улам ЖАМК экс-премьерди эл аралык издөөгө жарыяланган.

2021-жылдын февраль айынын аягында Исаков Орусияда экенин билдирген. Ал өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп чет жакка чыгып кеткендигин айткан.