«Болбогон сөз». Эдил Байсалов Швециянын жараны экенин четке какты

Эмне болду эле?

21-октябрда бир катар кыргыз ЖМКлары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Швецияда убактылуу жашоого уруксаты бар экенин жазышты.

Анда Швециянын ratsit.se ачык маалымат базасында Байсалов 2019-жылдын 30-апрелинде жашап турууга уруксат сурап арыз менен кайрылганы айтылган.

«Ал 2020-жылдын 5-ноябрында Швецияда эмигрант катары 19770806 номери менен катталган жана Байсаловдун туулган жылы (08/06/1977) швед маалымат базаларында табылган маалыматтар менен дал келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Байсалов эмне дейт?

Байсалов «Клооптун» журналистине комментарий берип, маалыматты «болбогон сөз» деп атады.

«2019, 2020-жылы дагы мен эч жерге, эч кандай арыз менен кайрылган эмесмин. Менин 2008-2010-жылдары Швецияда жашаганым жалпыга белгилүү факт. 2010-жылдын 8-апрелинин таңында мекениме учуп келгем. Ооба, менин жашы жете элек кызым Швецияда жашайт. Бирок бул менин жашоом, менин жеке себептерим, мамлекеттик жашоого эч кандай тиешеси жок. Көчүп кетүүгө мүмкүн болгон миллион мүмкүнчүлүктөргө карабай, мен Кыргызстанда жашап жатам жана мындан ары дагы жашай берем», — деп билдирди ал.

Минкабдын төрагасынын орун басары эгерде адам өз мекенине кайта турган болсо, качкын макамына муктаждык жок болгонуна байланыштуу жашоого уруксат жокко чыгарын кошумчалады.

«Ошондуктан көпчүлүгү 5-6 жыл паспорт алгычакты ошол жактан келбей отурушат! Алар макамынан жана жакшы жашоосунан айрылып калуудан коркот. А мен акыркы 11 жыл Кыргызстанда дуулдап жашап атам», — деп кошумчалады Байсалов.