Жапаров Түркиянын коргоо министри менен жолукту. Эмне маселелер талкууланды?

30-июнда Садыр Жапаров Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Тараптар аскерий-техникалык багыттагы жана коопсуздук боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргызстан менен Түркия «бардык чөйрөлөрдө кызматташууга бекем пайдубал түптөшкөнүн» өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, кыргыз-түрк мамилесинде аскердик-техникалык кызматташуу «өзгөчө орунду» ээлейт.

Президент региондогу туруксуз абалды жана коркунучтардын өсүп жатканын эске алганда, өзгөчө Ооганстандагы кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу, аскердик-техникалык кызматташуу актуалдуу жана учурдун талабы экенин билдирди.

Тема боюнча: Ооган-тажик чек арасында эмне болуп жатат жана Жапаровдун кандай тиешеси бар?

Өз кезегинде улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламы менен каалоо-тилектерин жеткирди. Анын айтымында, түрк тарап учурдагы бардык маселелерди ыкчам чечүүгө ар дайым даяр жана Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен туруктуу байланышта.

Хулуси Акар аскердик кызматташтыктын алкагында аскер адистерин окутуу жана даярдоо маселеси дагы маанилүү экенин кошумчалады. Ал кыргыз тарап менен натыйжалуу кызматташууну улантууга жана бул багытта көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар баштаган аскер делегациясы Кыргызстанга 28-июнда келген. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, расмий сапар эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин ортосундагы келишимдерге ылайык өтүп жатат.

Делегация келген учурда президент Жапаров өлкөнүн сыртында болчу, андыктан Хулуси Акарды алгач Кыргызстандын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев кабыл алган. Алардын сүйлөшүүсү аскердик, аскердик-техникалык кызматташуунун азыркы абалы жана келечек багыты боюнча болгон.

Туркиядан аскердик жардам

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 9-10-июнда Түркияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында түрк бийлигинин Кыргызстандын коргоо министрлигине грантык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экени белгилүү болгон. Сунушталган жардамдын чоо-жайы айтылган эмес.

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууда Борбор Азияда аймактык коопсуздукту бекемдөө жана Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүна утур-утур аскердик-техникалык жардам көрсөтүп туруу маанилүү экенин билдирген.

Жапаровдун Түркияга болгон сапары бир кызыктай түскө боёлгон, себеп дегенде жолугушуу «Сапат» билим берүү мектептеринин президенти Орхан Инандынын* дайынсыз жоголуусунун шартында өткөн.

*Орхан Инанды Түркияда туулган. Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири. Ал Кыргызстанда 1995-жылдан бери жашайт. 2001-жылдан тартып «Сапат» мектебинин президенти катары эмгектенип келген. Ал 2021-жылдын 31-майынан бери дайынсыз болууда. 1-июнда жергиликтүү милиция бардык аймактарга багыттама жөнөткөн. Сотко чейинки өндүрүш башталган.

Инандыны издөөгө Бишкектин Октябрь райондук ИИБинде тергөө тобу түзүлгөн. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал укук коргоо органдарына анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча тийиштүү издөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

2-июнда ИИМ Инандынын жоголушу боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Ведомство аталган иш бюнча сотко чейинки өндүрүш иштери ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген. 8-июнда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орхан Инанды Интерпол аркылуу изделип жатканын билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кийинчерээк дайынсыз жоголгон кыргызстандык Орхан Инанды тууралуу маселе президенттердин ортосунда көтөрүлгөнүн айтып берген. Анын айтымында, Жапаров түрк кесиптешинен дайынсыз болуп Инанды тууралуу сураган.

«Режеп Тайип Эрдоган аны тааныбай турганын, ал тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин айтты. Ошондой эле Фетхуллах Гүлендин оппозициялык уюмунун (ФЕТО) тарапташтары тууралуу эч нерсе уккусу келбей турганын билдирди», — деп белгилеген Султанбаев.

Инандыны издөө бир айдан бери уланууда, анын тарапташтары менен «Себаттын» бүтүрүүчүлөрү митингдерге чыгып, бийликтен түрк мугалимин издөө боюнча маалымат берүүсүн талап кылып келишет.

Ал эми Human Rights Watch уюмундагы укук коргоочулар Инандыны Түркияда террористтик деп эсептелген Фетхуллах Гүлендин ФЕТО коомдук уюму менен байланышы бар делгени үчүн уурдап кетишкенин четке какпайт.