«Мотордун күчү жетпей калган». Ташиев кулап түшкөн тик учак боюнча түшүндүрдү

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кичи-Алай айыл аймагына жакын жерге кулаган тик учак эки тоонун ортосундагы шамалга туруштук беле албай кырсыкка учураган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Атайын кызматтын башчысы муну «кокустук» деп атады.

«Эки вертолёт менен келе жатканбыз. Жакшы эле келе жатканбыз, кокустук деген ушундай экен. Артыбыздан учуп келе жатты эле, анан кийин эле жок болуп кетти. Көрсө [...] эки тоонун ортосун кирип, тоодо чоң шамал болот билесиздер да, тоого киргенде эле техниканын күчү жетпей, шамалдан көтөрүлө албай, шамал сүрүп-сүрүп барып, мотордун күчү жетпей [...] шамал жерге кулатып коюптур», — деди Ташиев.

Коргоо министрлигине таандык Ми-8 тик учагы 4-июнда Ош облусундагы Чоң-Алай районуна көздөп бара жатканда кырсыкка кабылган. Андан 14 киши жабыркап, алар тез жардам унаасы менен Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

*Ал жерде 4-июнга караган түнү Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Унжу-Булак айылында контейнер орноткон. Андан кийин тажик аскерлер 600 метрге жылып кетишкен. Чек арадагы кырдаалга байланыштуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жумушчу топ менен окуя болгон жерге барган.

Жабыркагандардын ичинен бешөө оорукананын күйүк бөлүмүнө, бирөө сыныктар бөлүмүнө, үчөө нейрохирургияга жаткырылган. Ал эми калган беш киши биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин аскер госпиталына жиберилген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен ооруканага жаткырылгандардын биринин абалы «оор», төртөөнүкү «канааттандырарлык» деп бааланып жатканын кабарлашкан. Ошондой эле, жабыркагандардын баары тиешелүү дарылануудан өтүп жатышкандыгы кошумчаланган.

Тема боюнча:

Кичи-Алайда аскердик тик учак шашылыш конууга аргасыз болду

Кичи-Алайда шашылыш конгон учакка үч тез жардам унаасы жиберилди

Кулаган тик учактан 14 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды