Дастан Догоев санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучусу болду

Президент Садыр Жапаров 26-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги министрлер кабинетинин курамына кайрадан кошулду. Документте «санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында» ишке ашканы айтылат.

Өлкө башчысынын буйругу менен Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин минкабдын курамы өзгөргөнгө чейин аталган кызматты ээлеген Дастан Догоев аткарат.

Дастан Догоев. Сүрөт: «Кабар»

Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Догоевди бекитүү үчүн анын талапкерлигин президент парламентке сунуштады.

Минкабдын түзүмү

Парламент депутаттары 13-октябрда президент сунуш кылган министрлер кабинетинин жаңы курамын жана түзүмүн бекиткен. Минкабдын төрагалыгына мурдагы экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров дайындалган.

Өзүнүн программасы жөнүндө парламентте айтып жатып, өлкөдө, өзгөчө экономикада санариптештирүү зарылдыгын айткан. Ошол эле учурда, министрлер кабинетинин жаңы түзүмүндө жок дегенде аталышында санариптештирүү менен алек боло турган бир дагы ведомство болгон эмес.

Эми Жапаров Догоевди санариптик өнүктүрүү министри кылып кайра дайындадыд.

Догоевдин карьерасы

Дастан Догоев көрүнүктүү мамлекеттик кызматтарды үч президенттин — Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун убагынан бери ээлеп келет.

2017-жылы июнда Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда 30 жаштагы Догоевди Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кылып дайындашкан. Ал кылмыш иштери козголгон Таирбек Сарпашевдин ордуна келген. Ошондо Догоевдин Кыргызстанда жана Улуу Британияда окуганы, андан кийин Германия техникалык кызматташтык коомунда, Мамлекеттик каттоо кызматында жана финансы министрлигинде иштегени айтылган.

Дастан Догоев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев

2018-жылы февралда ал отставкага кеткен — ал эми жетектөөчү кызматты мамлекеттик катоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова ээлеген. Догоев Мамкаттоо тармагын бир жылга жетпеген убакыт жетектегенине карабай, жаңжалдын чордонунда калган — өкмөттүн серверлеринин биринде президенттик шайлоого таасир этүү аракети үчүн түзүлгөн мамлекеттик эмес сайт жайгашканы аныкталган.

Анда «Клооптун» иликтөөчүлөрү өкмөттүк серверлердин биринде мамлекеттик эмес samara.kg сайты жайгашканы аныкталган. Бул сайт болжолдуу президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясы менен байланыштуу болгон. Шайлоо дагы Жээнбеков утуп чыккан. Samara.kg сайты аркылуу өлкө жарандарынын жеке маалыматтарына жеткилик алуу мүмкүн болгон.

Бул окуяда жооптуу аткаминер Догоев болгон — журналисттердин далилдөөсүнө талапкердин штабындагы кызматкерлердин көрсөтмөлөрүнө карабай, Догоев өкмөттүк серверде «Самара» сайты болгонун жана Жээнбеков менен байланышын мойнуна алган эмес.

Мамкаттоо кызматы 48 саатка жетпеген убакытта ички иликтөө жүргүзүп, алардын серверинде эч качан samara.kg сайты болбогонун билдирген.

2018-жылы Догоев президент Жээнбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.

2019-жылы майдын башында Дастан Догоев президенттин кеңешчиси болуп турганда УКМК тарабынан суракка алынган. Догоев биометрикалык паспортторду сатып алуу боюнча иште күбө катары суралган. Ал электрондуу жалпы жарандык паспортторду жасоо үчүн талаптар иштелип чыгып жатканда Мамкаттоо кызматын жетектеген.

Ошол эле жылдын майдын соңунда президент Догоевду Мамлекеттик байланыш комитетинин башчылыгына сунушташкан — ал кызматты жетектеген.

Ал эми 2020-жылдын июнунда Догоев жетекчилик кызматтан кеткен. Кызматтан кетүүсүнүн себебин ал АКШнын карт тарыхы бар Гарвард университетине окууга тапшырганы деп атаган.

Анда Догоев Гарвард университетинин Жон Ф. Кеннеди атындагы мамлекеттик башкаруу институтунун бир жылдык магистратура программасына гранттык негизде өткөнү кабарланган.

20-майда аны санариптик өнүктүрүү министри кылып дайындашкан, бирок 13-октябрда президент аны ээлеген кызматынан бошоткон.