Дастан Догоевдин Мамбайланыш комитетин жетектей баштады

Дастан Догоев

Догоевдин дайындалышы тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 30-майда кол койду.

29-майда депутаттар Дастан Догоевди Мамбайланыш комитетинин башчылык кызматына дайындоо сунушун бир добуштан колдоп беришти. Анын талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. 

Буга чейин Догоевдин аты менен бир нече чуулар байланыштуу болгон. Президенттин кеңешчиси МКК өткөргөн биометрикалык чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тууралуу иш боюнча күбө катары өтүүдө. Тергөө ведомствонун аткаминерлери тендерди утуп алган компания менен «аффилирленишкен» деп эсептейт.

Ошондой эле Догоев бир жылга жетпеген убакыттай Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы болгон. Ал 2018-жылы февралда отставкага кеткен. Ал иштеп турган кезде МКК ызы-чууга кабылган.

«Клооптун» иликтөөчүлөрү өкмөттүк серверлердин биринде мамлекеттик эмес samara.kg сайты орноп турганын аныкташкан.

Бул сайт болжолдуу президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясы менен байланыштуу болгон. Samara.kg сайты аркылуу өлкөнүн жарандарынын жеке маалыматтарына жеткилик алуу мүмкүн болуп турган.

Догоев бул окуяда негизги аткаминер болгон — журналисттер тарабынан көрсөтүлгөн далилдерге жана талапкердин штаб кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө карабастан, ал өкмөттүк сервер инфраструктураларында «Самара» орноп турганын жана анын Жээнбеков менен байланышын четке каккан.

МКК 48 саатка жетпеген убакытта ички иликтөө жүргүзүп, алардын серверинде эч качан samara.kg сайты орноп турбаганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: