Талас: Тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылып, фельдшер менен айдоочу каза болду

Таластын Бакай-Ата районунда тез жардам унаасы жол кырсыгына кабылды.

Саламаттык сактоо министрлиги унаада эки киши болгонун билдирди — фельдшер жана айдоочу. Экөө тең окуя болгон жерде жан берген.

Тез жардам унаасы жол кырсыгынан кийин. Фото: Turmush. 

Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн басма сөз кызматы «Клоопко» медицина кызматкерлери чакырууга бара жатканын кабарлады. Жол кырсыгы 26-октябрь түнү саат 22:00гө жакын катталган. Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу унааны башкара албай калган.