Бишкек: Жүргүнчү ташыган автобус дарак сүзүп, адамдар жабыркады

Маалымат дагы жаңыртылат

29-октябрда Бишкектеги жүргүнчү ташыган №8 автобус теректи сүзүп алды. Алдын ала маалыматтарга таянсак, 10 киши жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып 24.kg жазды.

Абайлагыла! Бул видео адамды чочутуп, стресске учуратышы мүмкүн.

Маалыматка караганда жол кырсыгы Чыңгыз Айтматов проспектисинде 12:07 чамасында болгон.

Милициядан автобустун айдоочусу проспект менен жогору баратып, рулду башкаралбай бакты сүзгөнүн билдиришти. ЖМКлар каршы тилкеге чыга калган дагы бир унаа кырсыкка аралашканын жазышууда.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка каршы тилкеге чыккан унаа себеп болгон. Автобустун айдоочусу бетме-бет кагышуунун алдын алууга аракет кылып жаткандыктан рулду башкара албай калган», — деп жазды AKIpress.

Эскертүү! Видео адамды чочутуп, стресске учуратышы мүмкүн.

Окуя болгон жерде тез жардам кызматы жана кайгуул милициясы иштеп жатат.

Башкы беттеги сүрөт: AKIpress