Султанбаев: Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы тууралуу айтканы «бурмаланууда»

Өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент Садыр Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы тууралуу айткандары Кыргызстан менен Тажикстанды кайраштыргысы келген «айрым кызыкдар тараптар тарабынан бурмаланууда» деп билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда айрым кызыкдар тараптар ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды чыгарышууда.

«Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет», — деп белгиледи Султанбаев.

Президент эмне деди эле?

23-октябрда президент Садыр Жапаров өзүнүн бир жылдык иши боюнча маалымат жыйынынын өткөргөн. Маалымат жыйында өлкөбашчысы журналисттердин суроосуна да жооп берген. Өлкө башчысы кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча да оюн айткан.

Жапаров бул маселени «бүгүн болсо бүгүн» чечкенге даяр экенин, бирок маселе өзүнөн гана көз каранды эмес деп айткан. Анын айтымында бул жерде талаштуу үч маселе бар: Төрт-Көчөдөгү аймак, Ворухка кеткен жол жана Баткен менен Лейлек райондорундагы талаштуу аймактар.

Жапаровдун айтымында Тажикстан менен чектешкен Лейлек жана Баткен райондорунда 210 миң гектар жер талаштуу деп эсептелинет.

«Алар 1924-жылы бул жерлер силерге өтүп кеткен, кайра бересиңер деп жатат. Мен андай болсо, 1924 жылы силерге 3 млн гектар Мургабды силерге бергенбиз деп жооп бердим. Силер бул жерди бизге кайтарып бергиле. Мен ошол жакка элимди көчүрүп кетем. Бирок алар буга акул эмес. Азыр өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат. Өткөндө дагы 8 км жерди такташты. Буюрса алдыда эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечилет деп ишенем», — деп белгилеген Жапаров.

Мургаб району Дүйшөмбү шаарынан миң киллометр алыс аралыктагы Тажикстандын Тоолу-Бадахшан автономиялуу облусунун аймагында жайгашкан.

Президент кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар делимитация жана демаркация иштери аяктагандан кийин гана токтойт деп белгилеген.

«Тажикстандын аймагына көз артуу»

Жапаровдун билдирүүсүнө Тажикстандын расмий бийлиги жооп бере элек. Бирок буга байланыштуу Тажикстандын демократиялык партиясындагылар (ТДП) үн каткан. Алар президенттин айткандарын сынга алышкан.

ТДПнын лидери жана Тажикстандын төмөнкү палатасынын депутаты Саидджафар Усмонзода. Сүрөт: «Озоди радиосу»

Алар Садыр Жапаровдун билдирүүсүн «жакын коңшулук мамилени бузат» деп эсептешет. ТДПдагылар «Тажикстан СССРдин автономиялуу республикасы болуп негизделгенден бери Мургаб району Тажикстандын аймагында жайгашканын» баса белгилешкен.

«Буга чейинки дебаттарда тарыхчылар бул суроого жооп берген, маселенин кайрадан көтөрүлүп жатканы чоң чагымчылдыктын башталышы. Ал эми саясий көз караштан алганда, бул Тажикстандын аймагына көз артуу», — деп билдиришкен партиядагылар.

Тема боюнча окуңуз: Президенттин Мургаб боюнча билдирүүсү тажик демократиялык партиясын нааразы кылды