Бишкекте милиция активист Бакай Кашкарбаевди кармады

Бакай Кашкарбаев

Активист Бакай Кашкарбаев 29-октябрда кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кашкарбаев «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо», «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» жана «Майда бейбаштык» беренелери менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган.

Учурда соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, активист убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кашкарбаев деген ким?

Бакай Кашкарбаев өзүн Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы деп атап келет. 2020-жылдын октябрында Кашкарбаев көз жашын төгүп, Садыр Жапаровго кайрылып, өзүн кеңешчи кылып дайындоону суранган видео тараган.

Ал Жапаровду колдогон митингдерге катышып, аны сындаган материалдарга ачуулуу комментарийлерин жазып жүргөн.

Ал эми өткөн жылдын 15-17-ноябрында Кашкарбаев фейсбуктагы барагына судьяларга жана прокуратура кызматкерлерине карата зомбулукка чакырган видео жарыялаган.

«2020-жылдын 15-ноябрында Бакай Кашкарбаев белгисиз адамдардын тобу менен Чолпон-Ата шаарында туруп Ысык-Көл облустук прокуратурасынын бөлүм башчысын, облус прокурорун опузалаган видео кайрылуу жасаган. Активист элди түп көтөрүлүп чыгууга чакырып, «талкалоо», «көзүн чукуу», «тишин күбүп салуу» сыяктуу зомбулук аракеттерге үндөгөн» , — деп Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкан.

16-ноябрда Кашкарбаев Ысык-Көл райондук сотунун имаратына жулунуп кирип, судьялар менен сөз талашып, Жумаев аттуу судья менен жолуктурууну талап кылган видеосун жарыялаган.

Активисттин «баскынчылыгы» ушуну менен токтогон эмес. 17-ноябрда ал тарапташтары менен Каракол шаардык сотуна жулунуп кирген. Анда дагы сот органынын кызматкерлерин коркутуп-үркүткөн.

«Ал өз кайрылуусунда Ысык-Көл облустук сотунун судьясын жана облус прокуратурасынын бөлүм башчысын ачык эле опузалоого өткөн», – деп билдиришкен прокуратурадан.

Ошол кезде Кашкарбаевге карата «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук» беренеси менен сотко чейинки өндүруш ачылган. Анткен менен Кашкарбаевге карата козголгон иш аны мамлекеттик кызматка дайындоого тоскоол жараткан эмес — үстүбүздөгү жылдын апрель айында ал айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.