Кара-Балтада айдоочулар жол акысын көбөйтүүнү талап кылып митингге чыгышты

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 1-ноябрда таң эрте машрутка айдоочулары мэриянын алдына митингке чыкты. Бул маалыматты «Клоопко» шаардык мэриядан тастыкташты. Чүй ОИИББнин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, 50гө жакын айдоочу иш таштады.

Көтөрүлдү, бирок ал дагы аз

Муниципалитет айдоочулар жол кире тарифин жогорулатууну талап кылып жатканын билдирди, бирок шаарда 1-ноябрдан тартып ансыз деле жол кире кымбаттады.

Кара-Балта шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, шаар ичинде каттаган маршруткалардын жол кире акысы 13 сом болгон, ал эми жеңилдиги бар жарандар үчүн мурдагыдай эле 7 сом бойдон калган.

Ал эми маршрутка айдоочуларынын пикиринде, шаардык кеңештин депутаттары жол кире тарифи боюнча «ойлонбой» чечим кабыл алышкан.

Кара-Балтадагы маршрутка айдоочуларынын митинги. Сүрөт: 24.kg 

«Күйүүчү май, азык-түлүк кымбаттады. Жол акы кымбаттаса деле чыгымга учурап калат экенбиз. Иш таштоого мажбур болдук. Биз чогуу ушундай чечим кабыл алдык», — деп жазды «Турмуш» басылмасы айдоочулардын биринин айтканын.

Айдоочулар шаар ичиндеги каттам үчүн жол акыны 15 сом кылып, ал эми жеңилдетилген тарифти 7 сомдон 10 сомго көтөрүүнү талап кылып жатышат.

Шаар мэриясы айдоочулар иш таштагандыктан бир дагы маршрутка каттамга чыкпаганын кошумчалашты. «Турмуш» басылмасы болсо, унаа жоктугунан улам аялдамаларда адам көп топтолгонун жазды. Алардын көпчүлүгү мектеп окуучулары жана башка жүргүнчүлөр.

Ошол эле учурда, басылма айдоочулар иш таштоо тууралуу бийликке 10 күн мурда кабар бергенин баса белгиледи.

Жергиликтүү бийлик маршрутка айдоочулары менен акимчиликте жолукту. Анда айдоочулар жаңы тарифтен улам чыгымдар мурдагыдан да көп болорун айтышты.

«Биз буга чейин башталгыч класстын окуучуларын 7 сомдон алып кетчүбүз. Бирок шаардык кеңештин жаңы токтомунда “мектеп окуучулары” дегенде 1-класстан 11-класска чейинки балдар айтылган. Ал аз келгенсип, биздин жүргүнчүлөрдүн 70%ы “жеңилдик” менен төлөгөндөр», — деп нааразы болгон айдоочулар.

Бийлик эмне дейт?

Жергиликтүү бийлик айдоочулардан эки жума буга чейинки бекитилген тариф менен иштеп турууну өтүндү, ал эми маселени мыйзамдуу жол менен чечүүгө чакырды.

Маршрутка айдоочуларынын Кара-Балта шаарынын бийлиги менен жолугушуусу. Сүрөт: 24.kg

Райондун акими Төрөгелди Түркбаевдин айтымында, маселени чечүүгө 15 күн талап кылынат. Бул аралыкта маселени иликтей турган жумушчу топ иштейт.

«Эртең, 2-ноябрда бюджеттик комиссиянын отуруму өтөт. Анда биринчи кезекте 4-класстан жогорку окуучуларды жеңилдик берилген жүргүнчүлөрдүн катарынан чыгаруу маселеси каралат», — деп жазды Turmush.

Айдоочулар, маршруттук такси жана иш таштоо

Кара-Балта шаарындагыдай эле, айдоочулар жол киреге болгон тарифти көбөйтүү талабы менен иш таштаган окуя буга чейин Бишкекте да катталган. Бишкек шаарын кыркы жолу 2021-жылдын июнь айындагы иш таштоо дээрлик беш күнгө созулган.

Анда алар жол акысы «сентябрга чейин тариф көтөрүлбөсө реванш алышарын» айтышкан. Натыйжада, алардын айрымдары маршрутка айдоодон «киреше түшпөйт» деп тек гана каттамга чыкпай койгон.

Маршруттук таксилердин иш таштоосу транспорттук коллапска алып келгендиктен Бишкек шаардык кеңеши 28-сентябрда борбор калаадагы коомдук транспорттун жол кире акысын көтөрүү боюнча токтом кабыл алган.

Жаңы тариф 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирерден мурда айдоочулар каттамга кайта баштаган.

Акыркы айларда каттамга чыккандар айдоочулардын саны кескин азайган. Мындай көрүнүш Ошто дагы байкалган. Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги оптималдуу жаңы тариф кандай болушу керектигин эсептеп чыккан.

Бирок аны шаардык кеңешке талкууга коюдан мурда, Агенттиктин өкүлдөрү бул демилге тууралуу шаардыктардын оюн сурайбыз деп сөз беришкен.

Башкы беттеги сүрөт 24.kg басылмасынан алынды