Бишкекте маршруткалардын айдоочулары иш таштады. Акциянын уюштуруучулары табылды

Иллюстративдик сүрөт

2-июнда Бишкек шаарынын микроавтобустардын айдоочулары ишке чыгышпай койду. Айдоочулар жол акысын жогорулатууну талап кылышууда.

Ал арада троллейбус жана автобустарда жүргүнчүлөр батпай, аялдамаларда топтолгон шаар тургундарын көрүүгө болот. Ошондой эле тургундар таксисттер жол акыларын жогорулатып алганын айтып даттанышты.

Бишкектин мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин м.а. Эмил Ункуев «24.kg» басылмасына маршруттук кыймыл саат 11:00го жанданаарын билдирди.

«Биз жүргүнчү ташуучу фирмалардын жетекчилиги менен жолугуштук. Бирок айдоочулардын көпчүлүгү транспортту ижарага алышат, алар унаанын айнектери талкаланышынан корккондуктан бүгүн чыгышпады. Азыр укук коргоо органдарыны маселени карап баштады. Иш таштоонун уюштуруучулары аныкталды», — деди Ункуев.

Жол акысын жогорулатуу маселеси

Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары жол акысын 15 сомго чейин жогорулатуу талабы менен жылдын башында да ишти таштаган. Аны менен кошо автобус жана троллейбустарда жол акысын 10 сомго көтөрүү сунушталган.

Ошол убакыттагы Бишкек мэринин м.а. Балбак Түлөбаев маршруттук таксилердеги тарифти жогорулатуу тартибин ишке ашырууга болжол менен үч ай убакыт керектелээрин билдирген.

Кийинчерээк мэрия жол акысын жогорулатуу тууралуу токтом иштеп чыгып, аны Экономика жана финасы министрлиги жактырган. Эми бул токтомду Бишкек шаардык кеңештин депутаттары бекитип бериши керек.