«Сары-Челекте» кызыл китепке кирген маралды аткан төрт браконьер кармалды

Сары-Челек биосфералык коругунун кызматкерлери 31-октябрда «Туура-Арык» аймагында кызыл китепке кирген маралды аткан төрт браконьерди кармады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, браконьерлер мыйзамсыз атылган маралдын этин жиликтеп жаткан учурда кармалган. Марал болжолдуу беш жашта болгон. Кызыл китепке кирген жаныбарды аткандар Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Аркыт айылынын тургундары экени аныкталган.

«Жаныбардын териси, башы жана эти далил буюм катары алынды. Учурда тийиштүү чаралар көрүлүүсү үчүн кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп жатат», — деп билдиришти ведомстводон.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, марал Кыргызстанда өтө сейрек кездешкен жаныбар, ал кызыл китепке киргизилген.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2018-жылы өлкө аймагында 313 баш марал бар экенин кабарлаган.

Маралды мыйзамсыз атуу үчүн айып 1 млн сомду түзөт, ал эми өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарында атылган болсо, айыптын суммасы эки эсе көбөйтүлөт.

Башкы беттеги сүрөт: «Кабар» маалымат агенттиги.