Талант Мамытовдун иши. Жогорку сот БШКнын арызын артка кайтарды

Жогорку соттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы БШКнын Талант Мамытовдун иши боюнча берген арызын артка кайтарды. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева билдирди.

Соттук коллегия өз чечимин арызга кол койгон БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Медина Кутбердиева БШКнын өкүлү экенин ырастаган документтерди берген эмес деп негиздеди.

«Даттанууга 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын негизинде БШКнын өкүлү Медина Кутбердиева кол койгон. Бирок ага тиркелген ишеним кат күбөлөндүрүлгөн эмес. Андыктан, анын ишенимдүүлүгүн аныктоо жана кол койгон өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу далил катары кабыл алуу мүмкүн эмес», — деп жазылат Жогорку соттун билдирүүсүндө.

Ал эми Боршайкомдун басма сөз кызматынын жетекчиси Руслан Изреков «Клоопко» Жогорку соттун даттанууну артка кайтарганын БШКнын кызматкерлери өздөрү да түшүнбөй жатканын билдирди. Анын айтымында, БШК Жогорку сотко кайрадан өтүнмө жөнөттү.

«Бүгүн саат үчтөрдө биздин даттануу боюнча Жогорку сотто чогулуш өтүшү керек болчу. Бирок эртең менен юристтин ишеним каты жараксыз деген жүйөө менен биздин кассациялык даттануубузду артка кайтырды. Юристибиз Медина Кутбердиева буга чейинки бардык сот иштерине катышып келе жатат. Биз дагы түшүнбөй калдык, бешинчи күнү эле даттануу жазганда, эч нерсе дебей эле бүгүнкүгө чогулуш өткөрүүнү дайындашкан», — деди Изреков.

Буга чейин, 1-ноябрда БШК Бишкектин Административдик сотунун 29-октябрда чыгарган чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылган. Андан бир күн мурда Административдик сот спикерди депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартуу жана аны «Ынтымак» партиясынын тизмесинен чыгаруу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарган.

Эмне болгон?

Таланат Мамытов.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон 24-октябрда баш тарткан.

Ал «Ынтымак» партиясынан көрсөтүлүп жатат. БШК каттоодон баш тартууга анын парламенттеги спикерлик кызматын тапшырбаганы себеп болгонун билдирген. Мыйзамга ылайык, шайлоого аттанган мамкызматкер үгүт маалында кызматын тапшырышы керек болчу.

Ал арада «Ынтымак» партиясы Боршайком мындай чечимди “процессуалдык ченемдерли одоно бузуу менен” кабыл алганын билдирген. Партиядан маалымдашкандай Мамытов депутаттыкка талапкерлигин койгонуна байланыштуу спикерлик ыйгарым укуктарын вице-спикер Аида Касымалиевага өткөрүп берген. Партиядан ыйгарым укугу вице-спикерге өткөнү тууралуу кат жүзүндөгү билдирме БШКга «өз убагында, жыйынга чейин» келип түшкөн деп ишендирүүдө.

Ошондой эле «Ынтымактан» «учурдагы мыйзам Жогорку Кеңештин төрагасына кызматтык ыйгарым укуктарын токтотпойт туруп шайлоого катышууга мүмкүндүк берерин, себеби, спикер БШКнын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланган сыяктуу эле, депутаттардын арасынан шайланат деп белгилешкен».

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келет. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат.

Тема боюнча:

Шайлоо-2021: «Ынтымак» партиясынын 20 талапкери белгилүү болду

БШКнын Талант Мамытов боюнча чечими жокко чыкты

БШК Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку сотко даттанды