Тарых музейдин реконструкциясы: Карыз төлөндү, бирок ачыла турган күнү белгисиз

Маданият министри Азамат Жаманкулов АКИpress маалымат агенттигине өкмөт Тарых музейине программалык камсыздоону иштеп чыкан жана жабдыган немис компаниясынын алдындагы карызынан кутулганын билдирди.

Азамат Жаманкулов.

Бирок бул маалымат музей жакын арада ачылат дегенди билдирбейт. Жаманкуловдун айтымында, фирманын өкүлдөрү ноябрдын аягында Кыргызстанга келип, программалык камсыздоону ишке киргизип берет.

«Андан кийин гана качан ачыла турганын айта алабыз» , — деди министр.

Министрликтин башчысы карыз республикалык бюджеттин эсебинен төлөнгөнүн айтты. Ал 225 миң сомду түзгөн.

Кыргызстан кимге карыз эле?

Немис фирмасы Vitrinen und Glasbau REIER деп аталат. Ал айнек конструкциялары менен витриналарды орнотуп иштейт. Компаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, фирма Берлин, Лондон, Париж, Гонконг жана АКШнын шаарларында музейлердин ичин жасалгалаган.

Берлиндеги азия искусствосу музейи. Vitrinen und Glasbau REIER сайты.

Мурдарак Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев немис фирмасы карызды төлөгөнгө чейин биз менен сүйлөшкүсү келбей жатат деп билдирген болчу.

«Ошол карызды бермейинче алар биз менен сүйлөшкүсү келбей жатат, бүгүнкү курс менен ал 23 млн 900 миң сом болот. Ошону которсок алар адистери менен келишет. Алар дүйнө жүзү боюнча иштеген компания экен. Алар келип, бүтпөй калган программаларын [баалоо] жүргүзүшөт», — деп түшүндүргөн ошондо Бөрүбаев.

Беш жылдан бери жабык

Бишкектеги Тарых музейи жабык турганына беш жылдан ашты. Ал 2016-жылы эле реконструкцияга жабылган. Оңдоо иштери ашып кетсе бир жарым жылга созулат деп болжонгон, бирок анын ачылышы улам-улам жылдырылып келет.

2016-жылы ноябрда имаратта өрт чыккан. Музейдин администрациясы жана өлкө бийлиги музейдин балансындагы 130 миңден ашуун экспонат бүтүн бойдон сакталып турганын айткан.

Бирок «Клооп» менен OCCRPнин журналисттери музейдин ички документтерине ылайык, бери дегенде 18 экспонат жарактан чыгып же өрттөлүп жок болгонун аныкташкан.

Тема боюнча: Өгөйлөнгөн маданият: Бийликтин шалаакылыгы тарыхый мурастарды кантип жок кылууда?

Музей жабык турган маалда маданият министрлиги менен өкмөттүн чиновниктери ал «баланча-түкүнчө күнү» ачылат деп көптөгөн убадаларды беришкен.

Мисалы, 2018-жылы январда музейге ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков барган. Анда музей 2018-жылдын март айында ачылары айтылган. Бирок ачылышы жылдырылган.

2018-жылдын 7-августунда Маданият министрлигинин Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Чолпон Тентиева музейдин ачылышы ошол жылдын 31-августунда Эмгемендүүлүк күнүнө карата ачыларын билдирген. Бирок айтылган убакытка чейин оңдоо иштери бүтпөй, анын ачылышы кайрадан жылдырылган.

Анан калса, 2018-жылдын жай айларында Башкы прокуратура Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иликтөө ишин баштаган. Кийин көзөмөл органы музейди реконструкциялоо менен Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу боюнча иштерди бир өндүрүшкө бириктирген.

Бул иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 200 млн сомдон ашык деп бааланган. Алты чиновникке коррупция боюнча айып тагылган. Алардын арасында экс-премьер-министр Сапар Исаков дагы бар.

«Музей реконструкциялоо ишине байланыштуу иликтөөдөн улам жабылган. Кылмыш иши аягына чыга элек, ошондуктан качан ачылат так айта албайбыз», — деп жооп беришкен маданият министрлигинен журналисттерге 2019-жылдын апрель айында.

Ошол эле жылдын июлунда экс-министр Азамат Жамангулов «реконструкциядан кийин иштеп жаткан музейдин бардык программалык колдонмолорунун ачкычтары аны жасагандардын колунда экенин» билдирген.

Анда Жамангулов кыргыз тарап германиялык жалданмачы фирмага болжол менен 225 мин евро карыз экенин айткан. Ал эми 2019-жылдын декабрь айында ал музей 2020-жылдын башында ачыларын айткан.

«Кылмыш ишинин алкагында биз аны [карызды] төлөй элекпиз. Төлөп берерибиз менен алар ачкычын беришет», — деген ал.

Андан бери 2021-жылдын он айы өттү, бирок музей көрүүчүлөрү үчүн дагы деле жабык турат.