Укук коргоочулар коргонуп жатып күйөөсүн өлтүргөн Пасанованын иши боюнча БУУга кайрылды

Кыйноолорго каршы коалиция адилеттүүлүк үчүн Клуни фонду менен биргеликте БУУнун аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитетине Гүлжан Пасанованын иши боюнча кайрылды. Бул тууралуу Коалиция 2-ноябрда телеграм-каналында билдирүү жасады.

Пасанова күйөөсүн өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган. Башында ал 9 жылга соттолгон, бирок кийин абак мөөнөтү 3 жылга кыскартылган. Пасанова өзү жана укук коргоочулар аял өзүн коргоого аракет кылган деп айтышууда.

БУУнун Комитетине кайрылуу

Кыйноолорго каршы коалициясы БУУнун комитетине сотто Пасановага карата болгон басмырлоону жоюу максатында кайрылышканын белгилешти.

Укук коргоочулар аялга карата айып «байыркы гендердик стереотиптерге таянып» түптөлгөн деп эсептешет. Коалиция айыптоочу тарап Пасанова «үй-бүлөлүк зомбулук болгон деп алдаган, эгерде чындап эле зомбулукка кабылган болсо, [күйөөсү менен] калбайт эле да» деп билдиргенин кошумчалашты.

Үй-бүлөлүк зомбулук. Иллюстрация: Дениз Аберлин

Мындан тышкары, айыптоо «чындап эле болгон зомбулуктун баарына аял өзү күнөөлүү» деп билдирген.

«Сот Гүлжанга күбөлөрдү чакыртууга уруксат бербей койду. Алар анын күйөөсүнүн мурда кылып жүргөн зөөкүрлүгү менен Пасанова ошол түндө кандай абалда болгонун айтып беришмек. Сот үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдын укугун бузду», — деп билиришти Кыйноолорго каршы коалициядан.

Укук коргоочулар БУУнун Комитетинен Кыргызстанга кайрылып, Гулжан Пасановага карата өкүмдү жокко чыгаруусун талап кылып, адам укуктары жаатында алган милдеттенмелерин бузганын мойнуна алууга чакырууну суранышты.

Мындан тышкары, укук коргоочулар кайрылууда бийликтен «зомбулук мамиле кылуу окуяларын тийиштүү деңгээлде эске алып, гендердик маселелер боюнча тренингдерди киргизүү максатында “өзүн коргоо” аныктамасын тактап, Жазык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү» суранышты.

Коалициянын маалыматына ылайык, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук иштеринин 10%га жакыны кылмыш иштерин козгоо менен аяктаган.

Укук коргоочулар өлкөдө үй-бүлөнүн эркек мүчөсүн өлтүрүү үчүн соттолуп камакка алынган аялдардын 20%га чукулу өзүн коргошконун билдиришкенин айтышты.

«Бирок бул коргонуунун себеби көп деле колдоого алынбайт, себеби соттор Кыргызстандын мыйзамдарынын талабына ылайык, өзүн-өзү коргоо укук ченемдүү болгонун тааныш үчүн зомбулукту башынан өткөргөн адам чындап “түздөн-түз зомбулук коркунучуна” кабылып-кабылбаганын талдоодо зөөкүрлүк мамилеге түрткү болгон окуяларды анда-санда гана эске алышат», — деп белгилешти Коалициядан.

Гүлжан Пасанованын иши

2019-жылдын 19-ноябрында 29 жаштагы Гүлжан Пасанова менен 46 жаштагы жолдошунун ортосунда кызганычтын айынан чыр чыккан. Пасанова өз көрсөтмөсүндө күйөөсү мас болуп, ага бычак шилтегени, мындан улам коркуп кетип аны арматура менен башына чаап жибергенин айткан. Көп кан кеткендиктен жолдошу ооруканада каза тапкан.

Гүлжан Пасанованы колдоп келген жарандык активисттер. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / Кloop.kg

Пасанова күйөөсүн акыркы сапарга узатып жатканда милиция тарабынан камакка алынган. Ал күйөөсүн башына чапкандыгын мойнуна алып, бирок муну өзүн коргоо максатында жасагандыгын жана аффект абалда болгонун билдирген.

Мындан тышкары, Пасанова күйөөсү жети жылдан бери мас болуп келип алып балдарын жана өзүн сабап жүргөнүн айтып берген.

Голливуд актёру Жорж Клунин фонду Пасанованын соттук ишин байкоого алып келет. Аталган фонд 2020-жылдын май айында баяндама жарыялап, анда Пасанованын укуктары бузулганын билдиришкен.

Ошондой эле фонддун өкүлдөрү Ош облустук сотуна кайрылып, аялды бошотууга чакырышкан. Анткени, фонд Пасанова үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөн жана жолдошун коргонуп жатып өлтүрүп алган деген пикирде.

Ош облустук соту 2020-жылдын мартында «Ден соолукка оор зыян келтирүү менен өлүмгө дуушар кылуу» беренеси менен Пасанованы 9 жылга эркинен ажыратуу жана 90 миң сом айыпка жыгуу өкүмүн чыгарган.

Коргоочу тараптын аппеляциялык арызынан кийин Ош шаардык соту 17-июнда биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган, бирок жаза өтөө мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. 2020-жылдын ноябрында Жогорку сот бул чечимди колдоого алган.