U-23: Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Сербиянын Белград шаарында 23 жашка чейинки кыздар арасында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында эркин күрөш балбаны Айпери Медет кызы финалга чыкты.

Кыргызстандык балбан 76 килограммга чейинки салмактык категорияда күрөшүп жатат. Анын алгачкы беттеши 3-ноябрда өтүп, анда эквадордук спортчу Женесис Розангеланы жеңип алган.

Ал эми чейрек финалда Медет кызы индиялык спортчунун далысын жерге тийгизип, 28 секундада жеңишти багындырган.

Ал эми жарым финалда америкалык спортчу Кайла Веркелди 8:0 эсебинде уткан.

Бүгүн 4-ноябрда өтө турган финалда Медет кызы колумбиялык Татьяна Рентерий менен күрөшмөкчү.

Айпери Медет кызы, бир ай мурда Осло шаарында өткөрүлгөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңген. Ошондой эле, ал Токиодогу Олимпиада оюндарына катышып, бешинчи орунду алган.

Айпери Медет кызы

Спортчу 22 жашта, 2017-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону болгон. Ал 2015-жылы эркин күрөш боюнча жаш кыздар арасында Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынып, бир жылдан соң ушул эле чемпионатта алтын байгени багындырган.

Ал эми 2016-жылы ал Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон. Кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионатында болсо эки жолу күмүш медаль тагынып, 2019-жылдагы Дүйнө чемпионатында 23 жашка чейинки кыздар арасында коло медалга ээ болгон.

Ал эми 2020-жылдагы Дүйнөлүк кубокто 3-орунду багындырган.