Коронавирустун 78 жаңы учуру катталып, эки киши каза болду

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 5-ноябрга карата коронавирустун 78 жаңы учуру катталып, эки адам каза болду.

  • Бишкек шаарында – 23;
  • Чүй облусунда – 22;
  • Ысык-Көл облусунда – 12 ;
  • Жалал-Абад облусунда – 10;
  • Баткен облусунда – 5;
  • Талас облусунда –5;
  • Ош облусунда – 1.

Ошондой эле, өткөн суткада 72 бейтап ооруканадан айыгып чыкты — айыккандардын жалпы саны 176 025 адамды түздү. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 181 668 адам коронавирус жуктуруп, 2681 киши каза болду.

Бүгүнкү күндө 642 бейтап ооруканаларда, 798 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.