Кычыраган суук. Барар жери жоктор суукта тоңуп калбашы үчүн кайда бара алышат?

1-ноябрдан тартып Бишкектин эки районунда — Свердлов жана Октябрь райондорунда — убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып иштей баштады. Ал жакка барар жери жок адамдар барып жылынып, тамактанып жана түнөп кетип турушса болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Убактылуу баш калкалоочу жайлар косметикалык ремонттон өтүп, терезелери салынып, электр чубалгылары, керебеттери жана тапчандары оңдолду. Мындан сырткары, төшөнчү, жаздык жана шейшептер жаңыртылган.

Октябрь районундагы убактылуу баш калкалоочу жай 80 кишиге, Свердлов районундагы жай 40 кишиге ылайыкталган. Кайрылгандарга бир маал ысык тамак берилет.

«Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн калаанын бардык убактылуу баш калкалоочу жайларында РИИБ кызматкерлери нөмөттө турат. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери жана медайымдар такай меджардам көрсөтүшөт. Баш калка жайларына муктаждарды укук коргоо орган кызматкерлери жана тез жардам бригадалары алып келип турушат. Эгер барар жери жок болуп, жардам муктаж болуп тургандарды көрүп калсаңар, сураныч, дароо бул номурларга чалыңыз: 102 (милиция) жана 103 (тез жардам)» — деп үндөдү мэриянын маалымат кызматы.

Убактылуу баш калкалоочу жайлар кайда жайгашкан, алар менен кантип байланышса болот?

Октябрь районундагы баш калкалоочу жай №12 кичи районунда А. Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү комбинаттын имаратында жайгашкан.

Убактылуу баш калкалоочу жай менен 0312511938 телефону аркылуу байланышса болот. Ошондой эле райондун социалдык кызмат көрсөтүү боюнча адиси Сталбек Эсенкуловго 0559180218 номеру аркылуу кайрылса болот.

Свердлов райондук убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатында төмөнкү даректе жайгашкан: Фере көчөсү, 34А.

Бул убактылуу баш калкалоочу жай менен 0312360335 телефону аркылуу байланышса болот. Ошондой эле Свердлов райондук социалдык сектор бөлүмүнүн башкы адиси Эркин Мамаевге 0706 168877 телефону аркылуу кайрылса болот.

Бишкектеги бара турган жери жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар

Бишкекте туруктуу жашаган жери жоктор үчүн дайыма иштеп турган эки баш калкалоочу жана убактылуу иштеген эки жай бар — алар кыш мезгилинде гана ачылат. Ар бирине 40тан 70ке чейин адам батат.

Айрыкча убактылуу баш калкалоо жайларында шарттар жакшы деле эмес: 20-25 адам бата тургудай тар бөлмөлөр, күнүнө бир маал ысык тамак, бирок башкысы — жылуу. Бир адамдын курсагын тойгузууга райондордун администрациялары 35 сомдон бөлүшөт.

Бара турган жери жоктор үчүн кошумча убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылса деле ал баары бир аздык кылат. Орундардын жетишсиздигинен алардын көбү күн сууктаганда тоңуп каза болушат. Алсак, 2019-жылдын январь айынын ортосунда ушундай окуялар катталган, анда Бишкекте катуу суук болуп, абанын температурасы түнкүсүн -30 градус Цельсийге чейин төмөндөп кеткен.

Кычырап суук болуп турган мезгилде барар жери жоктор кыйынчылыкта калышат. Мисалы, 2019-жылдын январь айында эле шаарда барар жери жок 15 адам тоңуп өлгөн, ал эми ошол убакта убактылуу баш калкалоочу жайлар муктаждарга толуп калган эле.

Материалдын автору: Мелисбек Абдибаитов