Сот келинди өз жанын кыюуга жеткирген үч аялды 2 жылга шарттуу кести

Баткен райондук соту 26-октябрда келинди өз жанын кыюуга жеткирген деп Кызыл-Бел айылынын үч тургунун 4 жылга эркинен ажыратты. Бирок 4 жылдык жазаны эки жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырды. Бул тууралуу сот өкүмүндө айтылат.

*пробациялык көзөмөл — пробациянын кардарларына сот тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана алардын жүрүм-турумуна контроль боюнча пробациялык көзөмөлдө турган адамга карата аны оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө, ошондой эле алардын жаңы укук бузууларды жасоолорун алдын алуу максатында жеке иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу социалдык-укуктук мүнөздөгү чаралардын комплексин колдонуу боюнча пробация органынын ишмердиги.

Баткен району. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы

Документте 2021-жылдын 17-июнга караган түнү 36 жаштагы аял үйүнүн бакчасында бакка асынып алган деп айтылат. Маркумдун чөнтөгүнөн өлүм алдында жазган каты табылган. Катта өлүмүнө кайын энесин, кайын эжесин жана кайын сиңдисин күнөөлөөнү суранган. Соттук экспертиза катты маркум жазганын тастыктаган.

Тергөө маркумду кайын энеси, кайын эжеси жана кайын сиңдиси дайыма бысынтып жүргөнүн аныктаган. Өкүмдө кайын энеси келинин «бомж» деп атап, үйүндө жашаганга укугу жоктугун, ал эми «уулун башка сулуу жана бай кызга үйлөнтөрүн» айтып жүргөнү баяндалат.

Кайын энесинин айтымында, келини менен башында эле мамиле түзө албай койгон. Сотто ал үйүнө Ошто эжесиникинде конокто жүрүп 16-июнда кайтып келгенин билдирген. Анын айтымында, үйүнө кайтып келгенден кийин келини аны «үйдөн чыгып кет», «сени менен эмес, балаң менен жашайм» деп айткан. Ошондой эле келини намысына жана улутуна шек келтирген сөздөрдү айткан деп билдирген.

Мындан улам маркумдун кайын энеси эки кызы менен кайын инисин чакырып, алардан келини менен элдештирүүнү суранган. Аял келини баарын жакшы тосуп, баары менен учурашканын айткан.

Бирок кайын эненин айтымында, келини кийинчерек да улуту менен намысына тийген сөздөрдү айткан. Мунун айынан келин менен кайын эжеси кайым айтышып, мушташып да кетишкен. Аларды кайын иниси ажыраткан.

«Келиним кайын сиңдисинин чачын жулуп салыптыр. Ошол учурда балама телефон чалып [Шаардан Баткенге] үйгө келгин дедим. […] Аларды ажыраткандан кийин келини алар менен күлүп эле сүйлөшүп олтурган, андан кийин эле сыртка чыгып кетти. Мен анын артынан чыгып карасам, балдарына төшөк салып жаткан», — деп айтып берген ал.

Кайын энесинин айтымында, саат 21:30дар чамасында үйгө келиндин апасы менен бир туугандары келип, аларга келин улутка карап кемсинтип жатканын жана «кызына туура тарбия беришпегенин» айтып даттанган.

Кийин, болжолдуу саат 22:30да үйгө маркум келиндин күйөөсү кайтып келген. Ал үйгө кирип келип баары менен учурашып, аялы кайда экенин сураган. Андан кийин эле баары келиндин телефонуна чалышкан, бирок ал жооп берген эмес. Бул окуядан кийин баары аны издеп башташкан.

«Кошуналардын үйлөрүнө кирип сураштырып чыктым, ал жакта да жок экен. Балам үйдүн коргонундагы бакка барса ошол жактагы өрүккө жипти байлап асынып турган экен, кийин балам барып келинди жиптен чечип салды», — деп айтып берген маркумдун кайын энеси.

Келиндин энесинин айтымында, кызы турмушка чыккан күндөн тартып эле дайыма жолдошу, кайын энеси, кайын сиңдиси жана кайын эжеси менен урушчу. 16-июнда кызы ага чалып, «бул жакта жашоо болбой калды, кайын эжем менен кайын сиңдим сабап жатат» деп айтып берген.

Сотто айыпталгандардын үчөө тең күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алган эмес. Сот аларды «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, ар бирин төрт жылга эркинен ажыраткан. Бирок алардын абак мөөнөтү 2 жылдык пробацияга алмыштырылып, камактан бошотулган.

Өкүмгө ылайык, үчөө тең пробация кызматынын адистеринин көзөмөлүндө болушат жана алар пробация кызматына кабар бербестен өлкөдөн чыгып кете алышпайт.

Каза болгон аял 15 жылдан бери никеде жашап, жолдошу экөө үч кыз жана эки баланы тарбиялап жатышкан.